МЕКТЕПКЕ БАЛДАРДЫ ДАЯРДОО БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ

  • 11.04.2018
  • 0

10-апрелде Бишкек шаарында кыска мөөнөттүк бала бакчалардын тарбиячылары жана башчылары, башталгыч класстардын мугалимдер жана мектеп директорлордун орун басарлары үчүн 3-жаштан 6-жашка чейин балдарды өнүктүрүү «Балалык» жана балдарды мектепке даярдоо «Наристе» программалары боюнча окутуу тренингдердин жыйынтыктары боюнча тегерек стөл өткөрүлдү.

МЕКТЕПКЕ БАЛДАРДЫ ДАЯРДОО БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Иш чара Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын координаторлорунун, тренерлердин, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистеринин, мектеп директоролорунун жана мугалимдердин катышуусу менен өттү. Тегерек стөл КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасындагы мектпеке чейинки билим берүү» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Иш чаранын алкагында «Балалык» жана «Наристе» программалары боюнча окуутуу тренингдеринин жыйынтыктары, жаш курактагы балдарды баалоо EDI жана мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилени баалоо CLASS инструменттеринин жыйынтыктары жана «Кыргыз Республикасындагы мектпеке чейинки билим берүү» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралары боюнча маалымат берилди.

Тегерек ү  стөлдүн жыйынтыгыда тренерлер, облусттук координаторлор тренингдерди уюштуруу жана эффективдүү ишке ашыргандыгы үчүн алкыш айткан кат менен сыйланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер