ИШТЕМЧИЛ САНАРИП МУГАЛИМ

  • 17.10.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы №77 орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Салтанат Исембаева аралыктан билим берүүдө издемчилдиги, эмгекчилдиги менен айырмаланды.

ИШТЕМЧИЛ САНАРИП МУГАЛИМ

Өз предметине тың мугалимдин мектепте иштегенине быйыл 15 жыл толду. Ошентсе да мугалим аралыктан билим берүүдөгү окутуучулук ишин өз практикасындагы эң жооптуу учур катары эсептейт.

— Салттуу окутууда окуучулар менен түздөн-түз иштейсиң. Сабак окуу ишине бардык шарттары бар окуу бөлмөсүндө өтүлөт. Ар бир окуучунун окуудагы ийгилик-көйгөйү да мугалимдин көз алдында болот. Бирок аракет кылсак, ушундай эле натыйжага аралыктан билим берүүдө да жетише алабыз, -дейт аракетчил мугалим.

ИШТЕМЧИЛ САНАРИП МУГАЛИМ

Кесипкөй мугалим салттуу окутуудан айырмаланып, аралыктан окутуу жалкоолукту, көз боёмочулукту сүйбөй турганын айтат.
— Салттуу окутууда эптеп сабак бергендер деле жүрө бериши мүмкүн. Аралыктан окутууда жаңы санарип көндүмдөрдү үйрөнүүгө аракет кылбасаң, онлайн сабагыңа тыкыр даярданбасаң, ишиңде эч бир ийгилик болбойт, — деп белгилейт Салтанат.

ИШТЕМЧИЛ САНАРИП МУГАЛИМ

Чыгармачыл мугалим ар бир сабагына кылдат даярданат. Сабак берүүдө, кайтарым байланышты камсыздоодо ZOOM, WhatsApp платформаларын кеңири колдонот.

— «Мугалим окуп турса гана мугалим» деген учкул сөз туура айтылыптыр. Аралыктан билим берүү боюнча мугалимдер үчүн окуулар уюштурулса, жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө көп мугалимдер катышмак, — дейт Салтанат Исембаева.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер