ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИКТИН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК УЮМУНУН АЛТЫН МЕДАЛЫН ТАПШЫРУУ АЗЕМИ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 30.10.2020
  • 0

29-октябрда Кыргыз Республикасындагы технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун (ТИКБ) I Съездинин алкагында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Алтын медалын жана Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) В. И. Блинников атындагы алтын медалын тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Ар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жогоруда аталган ИМБДУнун жана ЕАПУнун алтын медалын тапшырууга талапкерлерди тандоону өткөрөт.

ИМБДнун сыйлыгы же алтын медалы ойлоп табуучулук, чыгармачылык жана инновациялык ишмердикти шыктандыруу максатында ИМБДУ тарабынан бекитилген атайын сыйлык болуп саналат.

ЕАПУнун В.И. Блинников атындагы “Ойлоп табуучулук жана патенттик ишке кошкон салымы үчүн”  алтын медалы ЕАПУнун алгачкы президенти, интеллектуалдык менчик жаатындагы Евразия чөлкөмүндөгү белгилүү ишмер, ЕАПУнун негиздөөчүсү Виктор Иванович Блинниковдун жаркын элесине арналып бекитилген.

2020-жылы ойлоп табуучулук, чыгармачылык жана инновациялык ишмердикти шыктандыруу максатында ИМБДУнун чечими менен өлкөнүн маданий жана социалдык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Чыгармачылык үчүн” номинациясы боюнча физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын академиги, илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, мамлекеттер аралык КМШнын “Кызматташтык Жылдызы” сыйлыгынын лауреаты, илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты, М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) ардактуу профессору, Кыргызстандын окумуштуулар союзунун президенти Борубаев Алтай Асылканович сыйланды.

Евразияпатенттик уюмунун административдик кеңешинин чечими менен:

– “Ойлоп табуучулук ишке кошкон салымы үчүн”  ЕАПУнун В.И. Блинников атындагы алтын медалы медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун мыктысы, Кыргыз Республикасынын дерматовенерологдор жана косметологдор ассоциациясынын вице-президенти Балтабаев Мир Али Курбаналиевичке;

– “Ойлоп табуучулук жана патенттик ишке кошкон салымы үчүн” ЕАПУнун В.И. Блинников атындагы алтын медалы техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу  Бочкарев Игорь Викторович сыйланды.

Онлайн форматта өткөрүлгөн I Съезде ТИКБнын ишмердигине тиешелүү бир топ меселелер каралды. Жыйынтыгында патенттик-маалымат ресурстарына болгон мүмкүндүктү кеңейтүүгө жана ТИКБнын координаторлоруна акы төлөнүүчү эл аралык маалымат базаларында чектөөсүз издөө жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүгө багытталган Резолюция кабыл алынды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер