ИНКЛЮЗИВДИК КЛАССТАРДА БИЛИМ АЛГАН ОКУУЧУЛАРДЫН САНЫ КӨБӨЙДҮ

  • 21.02.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарында билим алып жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 289га жетти.

Инклюзивдик класстар борбордогу  №3, №11, №19 жана №59-орто мектептеринде ачылган.

Бул класстардын максаты – мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын коомдон обочолонбой, кадимки окуучулар менен чогуу билим алышын камсыздоо.

Өткөн окуу жылында Бишкектеги төрт эле мектепте инклюзивдик класстар болгон. Аларда 254 бала билим алган.

Бул жылы инклюзивдик класс Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №10 Манас орто мектебинде да ачылды. Анда азыр 12 бала окуп жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер