ИЛИМИЙ ГИПОТЕЗА ТҮЗҮП, АНЫ КАЙРА ТЕКШЕРЕ АЛАСЫЗБЫ?

  • 23.06.2020
  • 0

Эгерде анте албасаңыз, же аны үйрөнгүңүз келсе,  бүгүнкү Онлайн Университетинин Илимий изилдөөлөр лабораториясы өткөрө турган «Илимий гипотеза түзүү жана текшерүү» аттуу вебинарына катышыңыз.

ИЛИМИЙ ГИПОТЕЗА ТҮЗҮП,  АНЫ КАЙРА ТЕКШЕРЕ АЛАСЫЗБЫ?

Вебинарда илимий изилдөөлөрдөгү сандык усулдарды колдонуу жөнүндө маалымат берилет. Ошондой эле спикер гипотезаны практикалык түрдө түзүүнү жана тестирлөөнү үйрөтөт. Тестирлөөнүн үч түрдүү методикасына басым жасалат.

Иш-чаранын спикери анкеталардын даталарын фильтр аркылуу өткөрүүнүн жана Minitab программасын тестирлөөдө колдонуунун жол-жобосун көрсөтмөкчү. Ошондой эле ал вебинарга катышуучулардын анкеталарынын Excel түрүндөгү жыйынтыктарын карап берүүнү сунуштоодо.

Вебинардын спикери Нурдин Капаров PhD илимий даражасын Индия мамлекетинин Османия университетинен жактаган. Индия мамлекетинде тынчтык орнотуу багытында да иш алып, Indialogue Foundation уюмунда кызмат өтөгөн.

Вебинар саат 17.00до башталат.

 Конференциянын идентификатору: 92913852476

Паролу: 352587

 

Бөлүшүү

Комментарийлер