«ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР» ДОЛБООРУ ОШТО

  • 19.02.2021
  • 0

2021-жылдын 19-февралында Ош шаарындагы «Ош нуру» мейманканасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары менен танышуу жолугушуусун өткөрүүдө.

«ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР» ДОЛБООРУ ОШТО

«ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР» ДОЛБООРУ ОШТО

«ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР» ДОЛБООРУ ОШТО

Иш-чарага Ош шаардык БББ башкармалыгынын усулчусу Жамиля Токталиева, ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун программалык координатору Нора Суюналиева, СТЕМ билим берүү боюнча долбоордун эксперти, КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман институтунун директору, профессор Усупкожоева Анипа, “Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун директорунун орун басары Роза Кайыкова, долбоордун ассистенти Альбина Осмоналиева жана долбоордун “Устат-шакирт” программасына тандалып алынган STEM-багытында ийгиликке жетишкен айымдар катышып жатышат.

«ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР» ДОЛБООРУ ОШТО

Насаатчылык программасынын максаты — кыздарды STEM-билим берүүгө жана патриоттук тарбиялоого тартууга багытталган билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү.

«ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР» ДОЛБООРУ ОШТО

— «Илимдеги кыздар» долбоорун ишке ашыруунун (2021-2022-жылдар) алкагында 200 насаатчы жана Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринен 2600 окуучу кызы тандалат. Ментордук курстар үч этап менен уюштурулат, мында беш ай бою насаатчылар өздөрүнүн шакирттерин коштойт. 2021-жылдын мартынан тартып ментордук курстардын биринчи этабы ишке тартылган бизнес-ассоциациялардын 100 ментору жана STEM-кесиптериндеги айымдар менен башталат. Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй облустарынын мектептеринин STEM адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан 7-10-класстарынын кыздарынын тобу бекитилет, — дейт “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун директорунун орун басары Роза Кайыкова.

«ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР» ДОЛБООРУ ОШТО

STEM билим берүү жагындагы насаатчылык – бул табигый-техникалык багыттагы тармактарда кыздарды (шакирттерди, башкача айтканда, ментини) өнүктүрүүнүн өбөлгөсү. Насаатчылык курстарынан өткөн кыздар STEM’ди тандоонун артыкчылыгын аңдап-түшүнүүгө тийиш.

«ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР» ДОЛБООРУ ОШТО

— «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын долбоорунун алкагында натыйжалуу насаатчылык билимдерин жана жөндөмдөрүн өркүндөтүү үчүн «Ментор үчүн колдонмо» иштелип чыккан, ал эми алынган билимдерди кыздар ийгиликтүү пайдаланышы үчүн «Шакирттин күндөлүгү» иштелип чыккан.

«ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР» ДОЛБООРУ ОШТО

Бардык иш-чараларды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча, бери болгондо насаатчылык курсунан өткөн үч миң кыз STEM’ди тандоонун артыкчылыгын аңдап-түшүнөт жана STEM’де өз мансабын же билимин улантат деп пландаштырылып жатат, — деди Р.Кайыкова.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Маалымат үчүн:

Насаатчылар менен таанышуу жолугушуулары алты күн аралыгында Бишкек шаарында жана Ош шаарында өтөт. Менторлор үчүн Ош шаарындагы насаатчылары менен жолугушуу иш-чаралардын жүрүшүндө төмөнкүдөй темалар боюнча тренингдерди өткөрүү пландаштырылган:

Нора Суюналиева – ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун программалык координатору

«Илимдеги кыздар», «STEM’деги айымдар, STEM’деги кыздар», «Global gender» долбоорунун презентациясы

Каныкей Самиева – Тэкайым 2020 программасынын бүтүрүүчүсү, Ош технологиялык университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын доценти, КРУБдун финансылык сабаттуулук боюнча машыктыруучусу.

«Дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу» Ментордук боюнча ийгиликтүү таржымалдар

«Кесипти тандоо, ЖОЖго тапшыруу, жекече өнүгүү»

Айнура Хамзаева– «Тэкайым 2020» программасынын бүтүрүүчүсү, экономикалык илимдердин кандидаты, ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доценти, башчысы.

«Дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу»

Бөлүшүү

Комментарийлер