ИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯ: БИШКЕКТЕ ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКА ФОРУМУ ӨТТҮ

  • 10.11.2026

Бүгүн, 10-ноябрда, Бишкек шаарындагы «ROX Centre» бизнес-борборунда Илим күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын жашыл энергетикасы: илимди, инновацияларды жана инвестицияларды өнүктүрүү» аттуу форум болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана тармакка инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Форумдун алкагында тематикалык баяндамалар жасалып, «InnovTech 2026» инновациялык технологиялар көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.

Иш-чара жашыл энергетика тармагында илим менен инновацияны айкалыштыруу, жаңы технологияларды жайылтуу жана Кыргызстандын туруктуу энергетикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү максатын көздөдү.

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

ИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯ: БИШКЕКТЕ ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКА ФОРУМУ ӨТТҮИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯ: БИШКЕКТЕ ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКА ФОРУМУ ӨТТҮИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯ: БИШКЕКТЕ ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКА ФОРУМУ ӨТТҮИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯ: БИШКЕКТЕ ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКА ФОРУМУ ӨТТҮ

Бөлүшүү