АКЫЛ ТАЙМАШЫ: АТ-БАШЫДА ШАХМАТ БОЮНЧА АКИМДИН КУБОГУ ӨТТҮ
- 10.11.2026
- 0
Мектеп окуучуларынын интеллектуалдык жөндөмүн арттыруу, логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү жана жаш таланттарды колдоо максатында Ат-Башы районунда окуучулар арасында шахмат боюнча акимдин кубогу уюштурулду. 
Спорттук-интеллектуалдык иш-чара 6-ноябрда Касыке Мамбеталиев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин спорт залында болуп өттү. Райондук деңгээлдеги мелдешке жалпы билим берүү мекемелеринен 176 окуучу катышып, күч сынашты. 
Кылдат эсепти жана тактиканы талап кылган курч таймаштын жыйынтыгында өз топторунда мыкты оюн көрсөткөн 33 окуучу 1, 2 жана 3-орундарды багындырды. 
Байгелүү орундарга ээ болгон жаш шахматчыларга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин кубогу, атайын дипломдор жана баалуу сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Мындай мелдештер жаш муунду акыл эмгегине үндөп, сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөрү белгиленди.