ИЛИМ ЖАНА АЗЫК-ЗАТТАРДЫН ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯСЫ
- 24.10.2022
- 0
Ош технологиялык университетинин илим жана инновация боюнча проректору Танаков Нурланбек жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын окутуучулары, магистранттары жана докторанттары өздөрүнүн илимий макалалары менен Бухара инженердик-технологиялык институтунда өткөрүлгөн ушундай аталыштагы эл аралык илимий-техникалык конференцияга катышты.
Бул иш-чаранын негизги максаты азык-заттардын ар кандай түрүн өндүрүүдө экологияга жана адам өмүрүнө зыян келтирүүчү факторлорго жол бербөөдө биргелешип аракет кылуу жана эл аралык достукту бекемдөө болуп саналат. Илимий конференция “Илим жана азык-заттардын инновациялык технологиясы” деп аталып, Казакстан, Россия, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин окумуштуулары катышты. Нурланбек Токтогулович “Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүүсүндөгү конкуренциялык өнүгүш” деген темада доклад жасап, бүгүнкү күндөгү биздин мамлекетибиздеги билим берүүдөгү маселелерге токтолду. Биздин магистранттар жана докторанттар өздөрүнүн илимий баяндамаларын жасашып, учурдагы тамак-аш өндүрүүдө заман талабына ылайык технологияларды колдонуу ыкмаларын сунушташты.
Комментарийлер