“ИЛИМ ЖӨНҮНДӨ” МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ  

  • 19.05.2022
  • 0

2022-жылдын 18-майында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Улан Мамбетакуновдун жана илимий коомчулуктун катышуусунда “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды.

“ИЛИМ ЖӨНҮНДӨ” МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ   

Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева катышуучуларды мыйзам долбоорунун жаңы мазмуну менен тааныштырды.

Талкууга чакырылган окумуштуулардын, академиктердин жана  эксперттердин сунуштары угулуп, эске алынды.

Мыйзам долбоору боюнча толуктоолор жана сунуштар менен 2022-жылдын 31-майына чейин электрондук почта аркылуу: [email protected] же 0312 62 04 94 телефон номери аркылуу кайрылса болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер