И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУГА УБАКТЫЛУУ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 24.08.2022
  • 0

И.Арабев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине ректордун милдетин аткаруучу болуп университеттин окуу иштери боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Бексултанов Жеңиш дайындалды.

Бул окуу жайдын ректорлук кызматы үчүн Билим берүү жана илим министрлиги ачык сынак жарыялады. Талапка ылайык, сынакка 65 жаштан ашпаган, белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар катыша алат. Талапкер жогорку билимдүү,  илимий даражасы  жана илимий наамы   (илимдин кандидаты/PhD, доцент) жана илимий же илимий-педагогикалык иште беш жылдан кем эмес иш стажы болушу керек.

Белгилей кетсек, КМУну буга чейин жетектеп келген Төлөбек Абдырахманов кечээ Президенттин жарлыгы менен Кыргыз улуттук университетине ректор болуп дайындалган.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер