AUSBILDUNG ПРОГРАММАСЫ ГЕРМАНИЯГА ЖОЛ АЧАТ

  • 18.04.2024
  • 0

Сезим Жумабекова бир жылдан бери Германиянын Ausbildung программасы менен гастрономия багытында акысыз билим алып, аны менен катар эле өз адистиги боюнча иштейт. Эки жылдык окууну аяктаса алган дипломунун негизинде Европа өлкөлөрүндө расмий түрдө иштөөгө мүмкүнчүлүк алат.

 

AUSBILDUNG ПРОГРАММАСЫ ГЕРМАНИЯГА ЖОЛ АЧАТСезим Жумабекова Германияга 2022-жылы круиздик кемеде иштөө максатында барган. Бирок ал жерде 2,5 ай гана иштөөгө мүмкүн болгон. Себеби жетекчилик эмгек өргүүгө чыгарган. Айтымында, немис тилин билбегендиктен дароо жумуш табуу кыйынга турган. Бир айда 50 еврого картошка, нан, колбаса алып, эптеп курсагын тойгузуп жашап жүргөнүн айтат. Көп өтпөй орто деңгээлде корей тилин билгендиги жардам берип, корей кафесине жумушка орношкону менен виза алуу маселеси жаралган. Ошондо кафенин жетекчиси  Ausbildung программасы менен окууну сунуштаган. Аталган программа орто билим берет. Кесиптик лицей, колледжде окууга барабар. Эки күн теориялык билим алса, үч күн кафеде кадимкидей иштейт. Окуучуга талапты билим берүү мекемеси эмес, иш берүүчүлөр коёт жана толук кандуу жумушчу катары эмгек акы төлөп берет.

AUSBILDUNG ПРОГРАММАСЫ ГЕРМАНИЯГА ЖОЛ АЧАТ

“Кыргызстанда көбү Европага келсе эле баары даяр тургандай түшүнөт. Бирок бул жакта документ алуу кыйын, жөн эле жумушка ала бербейт. Немис тилин билбегениң да кыйын, жумушка турууга уруксатыңды да карашат. “Ausbildung” программасында туризм, медицина, дегеле ар кандай тармактагы адистиктер бар. Бирок сени “Ausbildung” кылып алчу компанияны өзүң табасың. Мындан улам окууга тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Окуу мөөнөтү ар түрдүү, бир жылдык, эки же үч жылдык программалары бар. Эгерде бир жылдык адистикте окусаң, кийин ошол эле кесип менен чектелип каласың. Эки-үч жылдык окуудан кийин жумушта көтөрүлгөнгө оңоюраак болот. Өзүм эки жылдыкка тапшыргам. Тандаган адистигиме байланыштуу кафеге жумушка орношком. Азыр немис тилин үйрөнүп калдым. Окуучуга талаптарды окуу жай эмес, жумуш берүүчү коёт. Бир эле кафеде иштегеним үчүн талап абдан күчтүү деле болгон жок. Чогуу окуган кыргыз балдар бар, алар McDonald’s  иштешет. Бул чоң тармак болгондуктан, талабы да күчтүү. Мектепти бүткөндүгү тууралуу, тил билүү деңгээлин тастыктаган документтерди талап кылышат. Эмгек акы да ар кайсы компанияныкы ар кандай. Мисалы, менин накталай алган маянам 1000 евро, андан тышкары 200 евро налог, страховкага кетет. Негизи бул программа каражат жагынан кыйналып жаткан, бирок чет өлкөдө билим алууну каалаган жаштарга жакшы мүмкүнчүлүк. Акча таап, аны менен катар дипломго ээ болуп, эл-жер көрүп, тажрыйба арттырууга мыкты шарт”, – дейт Сезим.

Учурда каарманыбызга окшоп кыйынчылык көрбөй, Кыргызстанда туруп эле бул программада окуп, Европа өлкөлөрүнө кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү “Кыргызстан-Германия диалогу: “Келечек үчүн кесиптик билим берүү жана адистерди даярдоо” форумунда айтылды.

AUSBILDUNG ПРОГРАММАСЫ ГЕРМАНИЯГА ЖОЛ АЧАТ

Форумда Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелердин жаңы этабы башталганын айтты.

“Германиянын Тюрингия аймагынан соода-өндүрүш палатасы баштаган ондон ашык компаниянын өкүлдөрү катышкан форум өттү. Германияда демографиялык проблемалардан улам жаш адистер жетишпейт. Ошол себептен кыргыз жаштарын окуу жайдын жетекчилери менен чогултуп, кесипке багыт берип, өздөрүнө чакырууда. Тилекке каршы, Кыргызстанда да абал алардыкындай. Миллионго жакын мекендешибиз Россияда эмгектенет. Биздин кызыкчылыкка жооп берген  – Европа багыты. Анткени ал жакка билими бар, квалификациялуу, тил билген, мотивациясы бар, максатына жетүүгө умтулган жаштар барат. Бул багытта акыркы жылда Германия менен эки келишимге кол койдук. Жакында үчүнчү комплекстүү келишимге кол коёбуз. Анда Германия менен ушул багытта иштеген приоритеттүү өлкөлөрдүн катарына Кыргызстан кирип калат. Балдарыбызды окутуп, чет жерге кетип калуусу өкүнүчтүү нерсе болгону менен бул бүгүнкү дүйнөнүн реалдуулугу. Себеби Кыргызстанда да адистердин жетишсиздиги бар, ишкана курсак да иштей турган адам жетишпейт”, – деди элчи.

AUSBILDUNG ПРОГРАММАСЫ ГЕРМАНИЯГА ЖОЛ АЧАТ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу кесиптик билим берүү жана жумушка орноштурууда башка өлкөлөрдүн да тажрыйбасын үйрөнүшүбүз зарыл деди. Анткени дүйнө жүзү боюнча эмгек рыногу муктаж болгон кесиптерге даярдоо маанилүү маселелердин бири экендигин белгиледи.

AUSBILDUNG ПРОГРАММАСЫ ГЕРМАНИЯГА ЖОЛ АЧАТ

“Эмгек рыногунда кесиптердин да өзгөрүүсүнө туш болуудабыз. Анткени түрдүү чакырыктар бар. Бир мезгилде абдан актуалдуу болгон кесиптер бүгүнкү күнү жок болуу коркунучунда турат. Андыктан биз Германиянын тажрыйбасын алуу абдан маанилүү деп эсептейбиз.  Германиядан үйрөнө турган дагы бир чоң тажрыйба – дуалдык окутуу. Иш-чаранын максаты — эмгек рыногу менен билим берүү мекемелеринин системасынын ортосундагы байланышты чыңдоо. Албетте, бул ЖОЖдорго гана эмес, кесиптик-техникалык билим берүүгө да тиешелүү. Биз билим берүү системасын өзгөртүүдөн башташыбыз керек. Анткени бүткүл дүйнө жүзүндө колдонулуучу стандарттарга өтүү мезгил талабы, – деди Расул Абазбек уулу.

AUSBILDUNG ПРОГРАММАСЫ ГЕРМАНИЯГА ЖОЛ АЧАТ

Мындан сырткары, форумдун алкагында Кыргызстандын он кесиптик лицейи менен FAV Service gGmbH компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду. Аталган компаниянын Тюрингиядагы дуалдык профессионалдык билим берүү эл аралык долбоорунун жетекчиси Денис Невинский «Тюрингияда кыргызстандыктарды окутуу жана ишке орноштуруу” аталышындагы презентациясында программа кантип ишке ашары, окуу кандай жүргүзүлөрү тууралуу кенен баяндады.

AUSBILDUNG ПРОГРАММАСЫ ГЕРМАНИЯГА ЖОЛ АЧАТ

“Биз жаштардын Германияга келип окуп, өнүгүүсүнө шарт түзө турган механизмди иштеп чыктык. Германияда окууну каалагандардын баарына окууга орун берүүгө даярбыз. Биздин компания бир гана билим берүү иштери менен гана алек. Көптөгөн жергиликтүү компаниялар жаштарды Германияга иштөөгө жиберүүнү кааларын билебиз. Бирок жаштар профессионалдык билимге, көндүмдөргө ээ болсо, эмгек рыногунда ордун табуу оңой. Ошондуктан жаш муунду окууга бирге даярдоого чакырабыз. Биздин компания окуу жайлар менен ишканаларды байланыштырат. Башкача айтканда, өзүбүз окутпайбыз, билим алууну каалагандарга көпүрө болуп беребиз. Биздин максат – турмуш-шартка байланыштуу Германиянын окуу жайларына тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүү, – деди Денис Невинский.

AUSBILDUNG ПРОГРАММАСЫ ГЕРМАНИЯГА ЖОЛ АЧАТ

Жетекчинин айтымында, долбоор толугу менен Европа биримдиги тарабынан каржыланат. Германияда окууну каалагандар виза, учак акысынан башка каражат кетирбейт. Негизгиси немис тилин В1, В2 деңгээлинде билүүсү зарыл. Студенттер убактысынын 70% ишканада, 30% кесиптик окуу жайда теориялык билим алуу менен өткөрөт. Окуу мөөнөтү эки жылдан үч жарым жылга чейин созулат. Окууну аяктагандан кийин немистердин 53% алган дипломго ээ болот. Бүтүрүүчү каалаган өлкөгө барып иштесе да өзү окуган ишканада кала алат. Ар бир каалоочуну документ тапшыргандан баштап виза, интервьюга чейин компаниянын ментору коштоп жүрөт.

AUSBILDUNG ПРОГРАММАСЫ ГЕРМАНИЯГА ЖОЛ АЧАТ

“Ausbildung” программасы аркылуу билим алган немис студенттерине 620 евро стипендия төлөнсө,  чет элдик студенттерди колдоо максатында айына 939 евро стипендия беришет. Бирок бул так сумма эмес. Компания бул сумманы дагы көтөрүп, 1000 евро төлөөгө да даяр. Мисалы, 1100 евро стипендия алган кыргыз кызы бар.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер