ГЕОЛОГ ИЛИМПОЗДОРДУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ
- 20.10.2025
- 0
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында “Тянь-Шандын геологиясы, географиясы, геоэкологиясынын актуалдуу маселелери” аттуу өткөн эл аралык илимий-практикалык конференция Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги, илимге эмгек сиңирген ишмер, гелогия-минерология илимдеринин доктору, профессор Муса Адышевдин 110 жылдык мааракесине арналды. Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Маалыматка таянсак, ал демейки формалдуу докладдардан мурда М.Адышев атындагы геология институтунда кандай көйгөйлөр бар экенин сурады.

Академиктер, геология илимдеринин докторлору Апас Бакиров менен Розалия Дженчураева айлыктардын аздыгынан жаш кадрлар токтобой жатканын, 10 сом, 20 сомго эле көтөрүлгөнүн, эң мыкты адистер кен казуучу чет элдик компанияларга кетип калганын, калгандары университеттерде кошумча иштөө менен кармалып турганын, геология-чалдындоо иштеринен табылган ар түрдүү асыл таш металлдарды аныктоо, чогултуу токтотулганын, иштей турган приборлордун жоктугун, экспедицияга акча бөлүнбөй келатканын, автомашина жалдаганга көп акча кетээрин, кен чыгуучу жерлердин баары аныкталып, монографияларда жазылганын, сурьманын көп кени бар экенин, инвесторлорду тартуу керектигин айтышты.

КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда азыр экономиканы өстүрүү, кен байлыктарды казуу, жер кыртышын билүү, пайдалуу кендерди изилдөө үчүн геологдордун, геология адистеринин, институттун орду чоң экенин белгилеп, тез аранын ичинде гелогия тармагына тийиштүү жетекчилер чогулуп, көйгөйлөрдү чечүү керектигин билдирди. Ал үчүн КР Президентинин наамына тез арада кат киргизүү керектигин КР Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматовго тапшырды.
Канатбек Абдрахматов бир эле геология институту эмес, көптөгөн илимий институттарда көйгөйлөр чечилбей турганын айтып, бул маселелер боюнча бийлик менен кеңири сүйлөшүү керектигин билдирди.
Кезинде М.Адышев жетектеген Геология институту Кыргызстандагы кен чыгуучу жерлердин баарын аныктап, чөкмө кен пайда болуу теориясынын өнүгүшүнө жана стратиформдуу түстүү металл кендерин изилдөөгө салым кошкон. Чоң илимий долбоорлор Геология институтунда аткарылып, андан Тоо тектеринин физикасы жана механикасы институту, Сейсмология институту бөлүнүп чыккан. Азыр даңктуу Геология институтуна мамлекеттик колдоо абдан керек.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер