ГЕНЕРАЛДЫК ШТАБДЫН БАШЧЫСЫ КАТАР МАМЛЕКЕТИНИН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 16.11.2020
  • 0

16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генрал-майор Таалайбек Омуралиев  Катар мамлекетинин Кыргызстандагы өзгөчө жана ыйгарымдуу Элчиси Абдалла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолугушту.

ГЕНЕРАЛДЫК ШТАБДЫН БАШЧЫСЫ КАТАР МАМЛЕКЕТИНИН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Алгач  генерал-майор Т. Омуралиев Катар мамлекети менен Кыргыз Республикасынын коргоо ведомстволорунун эки тарптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгын регламентке киргизген укуктук нормативдик актыларды даярдоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Катар мамлекетинин ортосундагы аскердик тармактагы макулдашуунун долбооруна тийешелүү маселелерди талкуулашты.

ГЕНЕРАЛДЫК ШТАБДЫН БАШЧЫСЫ КАТАР МАМЛЕКЕТИНИН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Талкуу учурунда генерал-майор Т. Омуралиев алдыда өз ара пайдалуу долбоорлорду алдыга  жылдыруу жана өнүктүрүү үчүн негиз болуучу эл аралык келишимдердин  чечимдеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар Куралдуу Күчтөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана мурдагы жетишкен макулдашууларды ишке ашырууга дилгир экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Генералдык штабдын башчысы генерал-майор Т.Омуралиев кыргыз-катар аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын потенциалын олуттуу жогорулатууга, ишенимдүү жана  өнөктүктөгү өз ара аркетешүүнү орнотууга болоорун билдирди.

КР КК ГШ маалыматтык камсыздоо башкармалыгы

Бөлүшүү

Комментарийлер