ГАПЫР МАДАМИНОВ — КМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ

  • 20.04.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттерине лекция өттү.

ГАПЫР МАДАМИНОВ - КМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ

Гапыр Мадаминов окутуунун эффективдүү ыкмалары, баланы мектепте ийгиликке шыктандыруу жолдору, балдарга кандай заманбап көндүмдөрдү үйрөтүү керектиги тууралуу ой пикирлери менен бөлүштү. Ал, “ата-эне китеп окубаса, бала да китеп окубайт” деп баса белгилерин,  келечектеги мугалимдер окуучулары менен гана эмес ата-энелер менен да тыгыз байланыш түзүүсү зарыл экендигин билдирди.

Жолугушууда катышуучулар түрдүү суроолорун бериШИп, кеп-кеңештерин алышты. Жыйынтыгында, Окумуштуулар кеңеши тарабынан Кыргыз мамлекеттик университетинин өнүгүү стратегиясы үчүн эмгеги жаратмандык мааниге ээ болгон Гапыр Мадаминовдун эмгеги жогору бааланып, ага «Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Айгерим Токтобава, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер