ГАПЫР АГАЙДЫН МЕКТЕБИНДЕГИ БИР КҮН

  • 12.05.2020
  • 0

ГАПЫР АГАЙДЫН МЕКТЕБИНДЕГИ БИР КҮН

Ошентип, Баткен облусунун Лейлек районуна белгилүү мугалим, КР эмгек сиңирген мугалими, Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун изилдөөчүсү, №3 эксперименталдык гимназиясынын директору Мадаминов Гапыр Маматкул уулунун иш-тажрыйбасы менен таанышуу максатында жолго чыктым. Агай менен көп жылдардан бери илимий-тажрыйбалык конференцияларда, илимий симпозиумдарда бала тарбиялоо, билим сапатын көтөрүү боюнча көп баарлашып келген элем. Ошентсе да, агайдын тажрыйбасын өз көзүм менен көрүүгө атайын жөнөдүм.

Кыргыз жеринин ажайып кереметин сапарга чыкканда гана көрө алабыз го! Кесиптик ишиме байланыштуу мен да алыскы Баткен облусунун Лейлек районуна жол тарттым. Табияттын кооздугуна суктануум бүтпөй, алыскы Баткенге кандай жеткенимди билбей калыпмын. Эгер сүрөтчү болсом, Ош-Баткен жолундагы пейзажды түркүн боёк менен бермекмин. Аттиң, бирок мен сүрөтчү эмесмин…

Чек ара менен чектешкен Арка айылына Исфанадан эки саат убакыт ичинде кирип келдик. Жеңил унаага түшкөндө эле агай тууралуу, анын иштери жөнүндө элден сурап, баарлашып бараттым. Баары агайдын мыкты педагог экендигин, ага болгон сый-урматы чексиз экендигин айтып жатышты. Гапыр агай жетектеген мектепте окуган балдарынын бүгүнкү күндө мыкты ийгиликтерге жетишкендигин, жакшы кызматтарда иштеп жаткандыгын толкунданып баяндашты.

 

Гапыр агайдын үйүндө

Менин келеримди атайын план менен күткөн агайдын үй-бүлөсү шакиртим, англис, орус, корей тилди мыкты билген Айбарчын Кулушева экөөбүздү кучак жайып тосуп алды. Үйгө кире бериш жерден эле китептин жыйылганынан улам, агайдын тынымсыз изденип, китеп окугандыгынан кабар алдык. Чай үстүндө ал-жай сурашкандан кийин Баткен облусу, элдин турмушу жөнүндө сүйлөштүк. “Лейлек жана лейлектиктер” китебин жазган агай бул райондун тарыхын кантип жазгандыгы тууралуу кеп салды.

Чай үстүндө эле мектеп, бала дүйнөсү, мектепти кантип түптөгөндүгү жөнүндө да аӊгемелештик. Албетте, бүгүн биз “Гапыр агайдын мектеби”, “Энелер мектеби”, “Мыкты окуучулар уюгу” деген бийик пафостуу сөздөрдү айтканыбыз менен, бул көз кайкыткан бийиктиктерге жетишүү оңой-олтоң болбогондугун билдик. Кээде таң калып да жаттым: эмне үчүн бизде демилгелүү бир ишти баштаарда, ошол адамга тоскоолдук жаратабыз?! Ал адам ошол ийгилигин же бир пайдалуу ишине өз күчү менен жеткенде гана “Мынаке, биз!” деп төш каккылап калабыз.

Агайдын үйүндөгү бөлмөлөргө кирип тааныштык. Дээрлик баарында китеп текчелери бар, аларда улуу философтордун, педагогдордун, чет элдик жазуучулардын, кыргыз ойчулдарынын китептери тизилген. Андан башка бөлмөнүн дубалдары жана столдун үстү агайга, агайдын окуучуларына, мектебине берилген сый барактар, ыраазычылык каттар менен жыш толтурулуптур. Мындай алкышка татыган агайдын педагогикада орду, чындыгында эле, ат көтөргүс экен.

 

Максаты бийик сабактар

ГАПЫР АГАЙДЫН МЕКТЕБИНДЕГИ БИР КҮН

Таң ата шакиртим экөөбүз мектепти бир укмуш элестетип, агайды ээрчиген боюнча мектепке жол алдык. Таң калганыбыз, мектеп биз ойлогондой деле укмуш эмес экен. Башка бир мектептердей өзгөчө деле жасалгаланбаптыр. Бизди кире бериш босогодон мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Анаркулова Нарбүбү тосуп алды. Кире бериштен эле гимназияда окуган окуучуга жана анын ата-энесине эскертүү катары, мектепке баланы окутуунун максаттары, багыттары илинип туруптур. Ал багыт, максаттар ар бир окуучуга жана ата-энеге түшүндүрүп берилерин билдик. Негизинен, ал талаптарды баары аткарууга милдеттүү.

Биринчи кабаттын кире беришинде окуучулардын жетишкендиктерин күбөлөндүргөн дипломдору, ардак грамоталары илиниптир. Булардын илингендиги эң туура деп эсептейм, анткени, гимназияга кирген окуучу дал ошол мыкты окуучулардын деӊгээлине умтулат. Баарынан да олимпиада жеңүүчүлөрүнүн ийгилиги мектеп үчүн да, ата-эне үчүн да, окуучу үчүн да стимул болуп саналат. Экинчи кабатка көтөрүлүп, сабак өтүлүп жаткан кабинеттерге баш бактык. Окуучулар да, мугалим да сабак менен алектенип, эшик ачылганына маани беришкен жок. Бирок, кызык жери, сабакта ата-энелер да олтурушуптур. Менин таң кала караганымды байкап, завуч: “Бизде ата-энелер менен иштөө жолго коюлган. Алар дайыма келип, балдардын окуусунан, тартибинен, мугалимдин сабак өтүүсүнөн кабардар болушат”, — деди.

Андан кийин коңгуроо кагылып, мен кыргыз тили жана адабияты сабагына кирдим. Шакиртим Айбарчын Кулушева “Дүйнө таанымды өстүрүү” сабагына катышууну чечти.

Бүгүн мектепте адабият сабагы канчалык өтүлүп, чыгармалар канчалык талданып жатат, балдардын китеп окуусу кандай – мен ушуларды иликтегим келди. Балдарыбыз китеп окубай койгону баарыбызга белгилүү. Бирок, урматтуу окурмандарым, бул жердеги адабият сабагы ЖОЖдордо өтүлчү сабактан өтсө өтөт, эч кем калбайт дейт элем. 11-класска С.Жусуевдин “Курманжан датка” чыгармасы өтүлүп жатыптыр. Жалпы окуянын жүрүшү, каармандардын мүнөздөрү, бейнелери, тексттеги кыйын сөздөрдүн чечмелениши, адабият теориясынын маселелери – айтор, чыгармага байланыштуу окуучу эмнени анализдеп, түшүнүшү керек болсо, баары ушул сабакта жетик каралды.

Сабакта окуучулардын жооп бергенине карап, ушундай жаш муундун өсүп баратканына ичтен ыраазы болдум. Ушунун баарына Гапыр агайдын сабак өтүү ыкмасынын эң жогорку деңгээлде таасир этип жатканына ынандым, ичимден агайга алкыш айтып жаттым. Ал түзгөн акыл эмгегинин маданияты курсунда окуучуларды китепти кантип окуп, маалыматты кандайча талдоо керектиги абдан жакшы түшүндүрүлөт. Мисалы, көркөм чыгарманы окуп жатканда, ар бир суроого толук, ар тараптуу жооп издеп, чыгармадагы окуянын себеп-натыйжасы, пайдасы, зыяны, түзүлүшү, мазмуну ж.б. чечмелеши керек.

8-класстардын адабият сабагына катышканымда да ушундай сезимдерге туш болдум. Сабактары аяктаган окуучулардын түштөн кийин адабий китеп окуу сааттарына жан дили менен катышарын көрдүм. Агайдын мектебинен бир күндүн ичинде көрүп-билгендеримди дагы толуктап баяндап бермекчимин.

 

Бактыгүл Байтикова, ОшМУнун доценти, п.и.к.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер