ГАЛИНА БАЙТЕРЕКТИН ӨМҮР БАЯНЫ

  • 29.10.2020
  • 0

1971-жылдын 19-июлунда туулган.

Жогорку билимдүү.  1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус филологиясы факультетин бүтүргөн.

1994-2001-жылдары «Баластан» балдар студиясынын режиссеру, редактору жана алып баруучусу болуп иштеген.

«Сами с усами», «К сокровищам инков», «Великолепная семерка» «Хочу все знать» балдардын теле берүүлөрүнүн, өспүрүмдөр үчүн «Пятая стена», «Наристе Аземи», «Веселые нотки» музыкалык  программалардын автору.

2002-2004 жылдары — КТРдин «Дневной блок телепередач» программасынын баяндамачысы. «Тема дня» аналитикалык  программасынын алып баруучусу.

2004-2006-жылдары — КТРдин жарнама-коммерциялык  агенттигинин «Арноо  концерти» программасынын режиссеру болуп иштеген.

2007-2008-жылдары — КТРдин социалдык-экономикалык инновациялык программалар редакциясынын башкы редактору.  «Ала тоо плюс», «Народ хочет знать», «Акцент» программаларын түз эфирде алпарган.

2009-2010-жылдары «ЭЛТР» ТРКсынын баяндамачысы болуп иштеген, «Итоги недели» аналитикалык программасын алып барган.

2010-2015-жылдары — КТРКнын социалдык-экономикалык жана инновациялык программалар башкы редакциясынын саясий редакциясынын баяндамачысы.  «Народ хочет знать», «ЦИК сообщает» программаларынын алып баруучусу. КР Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттары шайлоого байланыштуу бардык түз эфирдеги программалардын алып баруучусу. «Свободный микрофон» ток-шоусунун автору жана алып баруучусу. «Стратегия-2040» президенттик программасынын алып баруучусу.

2020-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Сыйлыктары:

— 2011-жылы — «КТРКнын мыктысы»;

— 2014-жылдан тарта жыл сайын «Слово Кыргызстана» жана «Кыргыз Туусу» гезиттеринин «Жылдын мыкты редактору»  наамын алып келет.

— КР Маданият жана маалымат министрлигинин «Мыкты кызматкери».

Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси

 

Бөлүшүү

Комментарийлер