ФОРУМ: КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН РОЛУ
- 01.10.2024
- 0
Учурда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Билим берүү бардыгы үчүн: көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу» аттуу форум өтүп жатат. Аталган иш-чара кыргыз билим берүү системасынын 100 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган.
“Быйыл өлкөнүн 4 жогорку окуу жайында биринчи жолу көп тилдүү негизде табигый жана физика-математикалык багыттагы студенттерди даярдоо программалары ишке киргизилүүдө. Бул бизге 5 жылдын ичинде STEM багытындагы бир катар мектеп предметтерин англис тилинде окууга мүмкүндүк берет” деп билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өз баяндамасында айтып өттү.
Форумга илимпоздор, агартуучулар, эксперттер катышууда. Алар “Орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутуудагы тажрыйбалар”, “Химия предметин англис тилинде окутуу тажрыйбасы”, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн инновациялык ыкмалары”, “Көп тилдүү билим берүү шартында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди окутуу” темасында мастер-класстарга кирип, тажрыйба топтойт.
Комментарийлер