ЖАШ ТАЛАНТТАРДЫ ТАБЫШТЫРГАН ЭТНО-КАРНАВАЛ

  • 23.07.2018
  • 0

ЖАШ ТАЛАНТТАРДЫ ТАБЫШТЫРГАН ЭТНО-КАРНАВАЛ

ЖАШ ТАЛАНТТАРДЫ ТАБЫШТЫРГАН ЭТНО-КАРНАВАЛ

14-июлда  600дөй жаш таланттардын башын кошкон эл аралык «Ысык-Көл досторун чакырат» этно-карнавалы борбор шаарыбыздан старт алды.

Көл жээгиндеги «Барчын» эл аралык балдар лагеринде жыл сайын өтүүчү фестивалдын быйылкы өзгчөлүгү тууралуу бизге бул маанилүү иш-чаранын уюштуруучусу, «Балажан» республикалык окуу-методикалык борборунун директору Д.С.Мусина айтып берди.

— Биздин фестивалга тоолуу өлкөбүздүн бардык аймактарында кошумча билим берүү жаатында эмгектенген чыгармачыл топтор катышууда. Фестиваль катышуучуларынын арасында Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан келген конокторубуз бар. Алдыдагы алты күндө алар мыкты устаттардан ыр, бий,сүрөт өнөрү, ошондой эле англис тилинен мастер класстарды алышып, кайсы бир деңгээлде чыгармачылык шыгын өнүктүрүшөт деген ойдомун. Биздин фестивалда 90 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Чыңгыз Айтматовго бөтөнчө орун берилген. Балдар классик жазуучубуздун чыгармаларынан көркөм айтуу менен Айтматов ааламына саякат жасашат. Мындан тышкары, фестивалдын алкагында жалаң илим докторлорунан турган топ балдар менен алар кызыккан темаларда баарлашып, өспүрүмдөр менен ачык-айкын пикир алышмакчы, — дейт Дария Сапарбековна.

ЖАШ ТАЛАНТТАРДЫ ТАБЫШТЫРГАН ЭТНО-КАРНАВАЛ

Айтмакчы, Билим берүү жана  илим министрлигинде аймактардан жана алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген делегация өкүлдөрүн кабыл алып жатып, министрдин орун басары Н.Д.Джусупбекова фествалдын түрдүү улуттагы, ишенимдеги балдарды табыштырган, достоштурган өзгөчөлүгүнө жогору баа берди.

— Ысык-Көлдүн суусу, таза абасы, тоолуу райондордон, алыскы, жакынкы өлкөлөрдөн келген балдардын ден соолугун чыңдап,алардын өз ара түшүнүүсүнө, достошуусуна жол ачат деп ишенем, -деди Надира Сынташовна делегация өкүлдөрүнө министрликтин эстелик белектерин тапшырып жатып.

Баса, достук, тилектештик, өз ара ынтымак, өз ара түшүнүшүү бул этно-карнавалдын эң башкы постулаттарынан болуп калды. Фестиваль катышуучулары борбор шаардын «Россия» кинотеатрынан борбордук аянтка чукул жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун эстелигине  чейин жөө басышып, муңдуу музыканын коштоосунда Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюшту.

ЖАШ ТАЛАНТТАРДЫ ТАБЫШТЫРГАН ЭТНО-КАРНАВАЛ

Алдыда балдарды дагы зор кубанычтар күтүп турган. Этно-фестивалдын катышуучулары түшкө чукул «Чарпая» этно-маданий борборуна келишип, эл аралык фестивалдын ачылыш салтанатына күбө болушту. Өнөрлүү балдардын бүгүнкү майрамы менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов, Россия элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.С. Джусупбекова куттуктады.

Чакан концерт менен даамдуу тамактан кийин эл аралык этно-карнавалдын катышуучулары жана коноктору жайлуу автобустарга олтуруп, Ысык-Көлдү көздөй сапар тартышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер