ЭЖСК СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН КОНОК ЛЕКЦИЯЛАР

  • 23.03.2022
  • 0

«Экономика, менеджмент жана туризм» ПМКсынын окутуучулары «Бухгалтердик эсеп» жана мартта «Туризм» адистигинин студенттери үчүн конок лекцияларын уюштурду. Студенттерге конок лекцияларды Финансы министрлигинин бухгалтери Асел Иманбекова жана «КРИА» туристтик компаниясынын директору  Александра Литвинова өттү.

Асел Иманбекова «Аудит» темасында лекция окуп, аудитордук текшерүүнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.

Ал эми Александра Литвинова «Кризис жана туризм» темасындагы лекцияда “COVID-19” пандемиясы туристтик компаниянын ишине канчалык таасир тийгизгенин жана туристтик агымды калыбына келтирүү үчүн кандай ыкмалар колдонулганы жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле Литвинова кризистин ар кандай түрлөрүнүн туризмге тийгизген таасири жана анын кесепеттерине токтолду.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер