ЕВРАЗИЯ ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КЕҢЕШИНИН ТАР КУРАМДАГЫ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
- 07.08.2026
- 0
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) тар курамдагы жыйынына катышты.

Маалыматка ылайык, жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын расмий тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү иш-чарасы болуп өттү. Күн тартиби Биримдиктин алкагында экономикалык интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө, тоскоолдуктарды жоюуга жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган кеңири чөйрөдөгү маселелерди камтыйт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал өз сөзүндө Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинянды парламенттик шайлоодогу жеңиши жана өкмөт башчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, ага армян элинин жыргалчылыгы үчүн аткара турган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.
Интеграциянын негизги милдеттерин белгилөөдө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун сөздөрүнө таянып, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, товарларды жүргүзүүдө тездетүүгө жана рынокко жеткиликтүүлүктү арттырууга багытталган бардык макулдашуулардын иш жүзүндө аткарылышын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Куттуктоо сөздөрүнөн кийин Адылбек Касымалиев жабык форматтагы жыйынды алып баруу үчүн сөздү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновго берди.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер