“ЭРУДИТТИН” ОБЛУСТУК ОНЛАЙН ТУРУ АЯКТАДЫ

  • 19.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык «Балажан» борбору ү.ж. 15-сентябрынан 5-декабрына чейин «Эрудит» көркөм сүрөт адистеринин Республикалык интеллектуалдык онлайн сынагын өткөрүүдө. Ал аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына арналды.

Сынактын максаты — мектеп окуучуларынын билимин тереңдетүү, көркөм сүрөт искусствосуна кызыгуусун арттыруу, интеллектуалдык жана таанып билүү мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, чыгармачыл компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана таланттуу балдарды аныктоо.

Сынактын Жобосуна ылайык, учурда Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарында жана Ош шаарында онлайн форматында өткөрүлгөн облустук туру аяктады. Облустук турдун натыйжасында “Сулайман-Тоо” (Ош облусу), “Т.Садыковдун урпактары” (Баткен облусу), “Акварелька” (Ысык-Көл облусу), “Боекчулар” (Жалал-Абад облусу), “Радуга” (Талас облусу) жана “Гармония” (Ош шаары) командалары жеңүүчү деп табылып, алар өз аймагынын атынан республикалык турга чыгышмакчы.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер