ЭРНИС АСЕК УУЛУНУН “МАСТЕР МЕНЕН МАРГАРИТАСЫ”

  • 16.06.2025
  • 0

13-июнунда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-тγрк маданият борборунда орустун атактуу жазуучусу Михаил Булгаковдун “Мастер и Маргарита” романынын кыргыз тилинде которулган китептин бет ачары болуп өттγ. Классикага айланган чыгарманы журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу которгон. Көркөм которулган чыгармага  окумуштуулар, котормочулар баа беришти.

ЭРНИС АСЕК УУЛУНУН  “МАСТЕР МЕНЕН МАРГАРИТАСЫ”Иш-чараны уюштурган маркумдун журналист жубайы Назира Саалиеванын айтымында, былтыр, 2024-жылдын июнь айында президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 50 китеп чыккан. Анын арасында ушул котормо да кошулган. Эки айда эле которулган котормонун баасын алуу γчγн котормочу 13 кишинин тизмесин жазып, оюн уккусу келген. Тилекке каршы, 2020-жылдын 29-январында Эрнис каза болуп калган. Аманат болуп калды деген жубайы тизмедеги адамдарды чакырып, китептин бет ачарын өткөрдγ. Котормо боюнча ойлорун ортого салган окумуштуу, котормочулар жана адабият сынчылары жакшы пикирлерин айтышты. “Мыкты котормо сыйлыкка татыктуу” деп сыйлыкка көрсөтγγ сунушу да айтылып, бир добуштан колдоо тапты.

ЭРНИС АСЕК УУЛУНУН  “МАСТЕР МЕНЕН МАРГАРИТАСЫ”Алгач сөз алган Айтматов таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева котормого жогору баасын берди.

Лайли Үкγбаева: “Эрнис өзγнγн “Мастер менен Маргаритасын” жазып салгандай туюлду…”

— Эрнистин “Мастер менен Маргарита” котормо китебин былтыр келинчеги Назира мага алып келип берди. Мен китепти окуп чыгып, аябай капа болдум, ыйлагым келди. Себеби, бγтγндөй адабиятты жан дγйнөсγнө сиңирген биздин таланттуу уулубуздун алдыда жасай турган иштери толтура экендигине карабай, шум ажал арабыздан эрте алып кеткенине аябай өкγндγм. Анткени адабий ишмердγγлγктγн тармактарында котормо деген абдан оор нерсе. Азыркы кγнгө чейин котормо ишине анча маани бербей, котормочуларды баалабай келатабыз.

ЭРНИС АСЕК УУЛУНУН  “МАСТЕР МЕНЕН МАРГАРИТАСЫ”Улуу муундагы мыкты котормочулар, залкарлардын көзγ өтγп кетти. Азыр котормочу азаматтарыбыздын саны аз болуп калды. Ошол аз сандагы котормочулардын ичинен Эрнисти мен сап башында турган котормочу деп айткым келет. Себеби Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” романын терең тγшγнγγ кыйын. Мисалы мен орусчасын бир канча жолу окуп атып, анан тγшγнгөм. Алгач тγшγнγγгө кудуретим жеткен эмес. Бул романды боюма сиңире албай, табиятына терең тγшγнө алган жокмун. Анткени бул китеп катардагы эле китеп эмес. Бул Толстойдун, Шолоховдун чыгармасы эмес, ал тургай Достоевскийдин да чыгармасы эмес. Бул башка стилдеги, башка ыкмадагы, башкача ракурстагы башка тажрыйбадан улам жаралган чыгарма болуп эсептелет. Бул чыгарманы окуу, аны тγшγнγγ катардагы адамдардын колунан келе бербейт. Аны тγшγнγш γчγн атайын адабий даярдык, билим болуш керек! Анан орус тилин жакшы билγγ, дγйнөлγк классикалык адабият менен тааныштыгы бар адам гана бул китептин табиятын тγшγнөт. Эрнис ушундай даражага жетип, Булгаковдун жазуучулук табиятын боюна сиңирип, чыгармасынын бардык ньюанстарын ийне-жибине чейин байкап, анан которгон экен. Анда дагы кыргыздын бай тилинде которуптур. Биз адабиятчылар, ушуга чейин айтып келебиз го,Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасын Алыкул Осмонов которгон, ал аны кайра эле иштеп чыгып, өзγнγн чыгармасындай кылып салган. Бул котормо эмес, ал Алыкулдун чыгармасы” деп. Мен Эрнистин котормосун ошондой тγшγндγм. Булгаковдун романын окуп, аны терең тγшγнγп, өзγнγн “Мастер менен Маргаритасын” жазып салгандай болду. Анткени ал кыргыз элинин бай тили, көркөм сөз өнөрγ, Манастан башталган элдик оозеки чыгармасын, мыкты тажрыйбасынын баарын боюна сиңирип туруп, анан ушул чыгарманы которгонго  белсенген экен. Анткени Булгаковдун романында курч сюжеттер бар, бир чыгармадан экинчи чыгармага өтө берет, тез-тез окуялар өзгөрө берет. Ошонун баарын бир нукка келтирγγ, ошол окуянын артынын жγрγγ чоң эмгекти талап кылат. Мистика дейбизби, жомок дейбизби, философия дейбизби, же диний тγшγнγктөр менен арбалган чыгармачыл адамдар менен байланышкан жанрды камтыган чыгарма дейбизби, айтор, ошолорго аралашып, аны бир нукка салып, кыргыздын бай, нукура тили менен которгон Эрнистин азаматтыгына таң бердим. Бул котормо жерде калбаш керек! Ал дайыма столдун γстγндө тура турган китеп. Анткени Эрнис чоң эмгек жасап кетти, эми аны биз ишке ашырышыбыз зарыл! Эрнистин адабияттагы, журналистикадагы эмгегин өкмөт жетекчилери көзү өтүп кетсе дагы баалап, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген наам ыйгарып койсо, адилеттик болоор эле. Ушун Улуттук жазуучулар союзуна сунуштайт элем.

Керимбек Кадыракунов: “Эрнис артына өлбөй турган из калтырып кетти”

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов Эрнистин котормосу сыйлыкка татыктуу экендигин баса белгиледи.

ЭРНИС АСЕК УУЛУНУН  “МАСТЕР МЕНЕН МАРГАРИТАСЫ”— Алгач мен Эрнис Асек уулу которгон Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романы качан, каяктан чыкканы боюнча токтоло кетейин. Дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которуу, кыргыз адабиятын өнүктүрүү максатта Жазуучулар союзуна эки жыл мурун биздин өкмөт акча бөлгөн. Анан биз проза, поэзия, повесть, эссе, балдар адабияты жана дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолорун чыгаруу максатта жол-жобосун иштеп чыктык. Мыктыларын конкурстук негизде тандап алуу γчγн атайын редакциялык жамаат тγздγк. Конкурска 20-30тай котормо келип тγштγ. Андагы адистердин ой-пикири менен, редакциялык жамааттын жыйынтыгы менен 5 котормо тандалды. Себеби, акчанын көлөмγнө жараша иш кылдык. Алардын арасында Эрнис Асек уулу которгон Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романы бар болчу. Албетте, бул котормо талаш-тартышты жараткан, жыйынтыгында конкурстан өткөн.  Демек, котормо ийгиликтγγ которулган экен деп сыймыктанып калам. Котормочулук өнөр өзгөчө талантты талап кыла турган нерсе. Айтылуу Абай Кунанбаевдин жакшы ыры эсиме тγштγ, мен аны котордум эле. “Өлдγ  дешке болобу, айткылачы, өлбөй турган артына сөз калтырган” деген мыкты философиялык сабы бар ырында. Анынсыңарындай, Эрнис артына өлбөй тургандай сөз, из калтырып кетти. Эрнис акын, ырлары да мыкты, философиялык ырларды жазган. Негизи Кыргыз Республикасына маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген наамга татыктуу. Бирок, мыйзам боюнча көзγ өтγп кеткендерге сыйлык берилбейт. Бирок, “Алтын калем” деген сыйлык бар. Мен ошого сунуш кылып көрөм. Себеби, Эрнис адабият, маданиятка чоң салым кошкону, зор эмгеги менен сыйлыкка татыктуу инсан.

ЭРНИС АСЕК УУЛУНУН  “МАСТЕР МЕНЕН МАРГАРИТАСЫ”Атахан Кожогулов: “Татаал романды эки айда которуп коюунун өзγ чоң эрдик”

Эрнис Асек уулунун замандашы, чыгармачылыктагы досу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Атахан Кожогулов буларды айтты:

— Эрнис мыкты котормочу болчу. Себеби ал орус тилин жеткиликтγγ билген билимдγγ жигит эле. Ал айтылуу Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси, билесиздер. Экөө тең эки тилде: кыргыз, орус тилинде жаза билген мыкты жазмакерлер эле. Шаарда чоңоюп, өскөн балдар болчу.   Эрнистин “Мастер менен Маргаритасынан” башка дагы котормолору толтура. Буга чейин бир топ дγйнөлγк акын-жазуучулардын классикага чыгармаларын которгон. Конфуцийдин, Кришнамуртинин китептерин кыргызчалаган. Котормолоруна эми гана баа берилип жатат. “Мастер менен Маргарита” романы өтө татаал болгондуктан аны бир окуган адам тγпкγлγгγн тγшγнбөстγгγн профессор Лайли эжебиз айтты го. Ал чындык, ага тиши өтө турган, даярдыгы бар адам которбосо, башка адам аны которууга белсене албайт. Андай оор чыгарманы которгондон көрө өзγң чыгарма жазганың жакшы. Ушундай татаал чыгарманы Эрнис эки айда эле которуп коюптур, мунун өзγ чоң эрдик да. Эрнистин “Мастер менен Маргарита” котормосу адабиятчы, илим доктору Лайли эжебиз айткандай, Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасын Алыкул Осмонов которгондой котормо болуп калат деген ойдомун. Мына, бул иш-чарада дагы бир мыкты котормочу, акын Жыргалбек Касаболот отурат. Ал дагы Эрнистин котормосуна жогору баа бербедиби…Эрнис мыкты дагы акын болчу. Анын “Каалга” деген ыр жыйнагы бар. Ал ыр китебинде мыкты акындыгын далилдеген.

ЭРНИС АСЕК УУЛУНУН  “МАСТЕР МЕНЕН МАРГАРИТАСЫ”Бул котормо тууралуу адабиятчы, жазуучу, журналисттер Эсенбай Нурушев, Бекташ Шамшиев, Бурулкан Сарыгулова, Күлчөрө Көкүлов,   Жыргалбек Касаболот жана башкалар дагы  мыкты котормо экенин белгилеп, жакшы пикирлерин айтышты.

ЭРНИС АСЕК УУЛУНУН  “МАСТЕР МЕНЕН МАРГАРИТАСЫ”Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер