ЭРНАЗАР МЕНЕН БЕКЗАТ ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО УТТУ

  • 19.04.2024
  • 0
ЭРНАЗАР МЕНЕН БЕКЗАТ ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО УТТУ

 Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

19-апрелде кечинде  Бишкек шаарында  Азиянын Олимпиадалык квалификациялык турниринин жарым финалдары курч мүнөздө өтүп, кыргыз балбандарынан Эрназар Акматалиев менен Бекзат Алмаз уулу Париж олимпиадасына жолдомо жеңип алышты.  

Бүгүн эркин күрөш боюнча 6 салмакта күч сынашуулар болуп, Кыргызстандын намысын коргогон үч балбан жарым финалга чыккан эле.

57 килограмм салмактын жарым финалында Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн монголиялык Мункх Эрдене Батхуяг менен күч сынашып, мелдеш 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, упайдын артыкчылыгы менен жеңиш Бекзатка ыйгарылды. Ага Париж олимпиадасына жолдомонун сертификатын жана медалды КР Министрлер кабинетинин төргасынын орун басары, УКМКанын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырып, куттуктады.

ЭРНАЗАР МЕНЕН БЕКЗАТ ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО УТТУМыктыларды иргеп алуу таймашууларында 8/1 финалда Бекзат Алмаз уулу палестиналык Али Абурумаилди 9:2 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Ал эми чейрек финалда кытайлык Ванхао Хуну да 3:2 эсебинде утуп, жарым финалда күрөшүүгө укук алган.

65 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон белгилүү балбаныбыз, дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси  Эрназар Акматалиев жарым финалдык беттешүүдө Түндүк Кореянын балбаны Кванг Жин Кимди 5:3 эсебинде утуп, Париж олимпиадасына жолун ачты.

Түшкө чейинки беттешүүлөрдө Эрназар 8/1 финалда ирактык Карим Моханмерди 10:0 эсебинде артыкчылык менен мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыккан.

ЭРНАЗАР МЕНЕН БЕКЗАТ ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО УТТУЭрназардын чейрек финалда атаандашы монголиялык Цогбадрах Цевинцурен болду. Биринчи бөлүктө монгол балбан артыкчылык кылып, 4 упай алууга жетишти. Экинчи бөлүктө Эрназар чеберчилигин, мыкты даярдыгын көрсөтүү менен кыргызстандык күйөрмандарды сүйүнтүп, 12:6 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.

2021-жылы Токио олимпиадасында  Эрназар Акматалиев биринчи беттешүүдө индиялык  Баджранг Баджранг утулуп калган. Эми ошондогу каталыктарын Парижде оңдоого аракет кылат деген ишеним бар.

Ал эми 74 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Орозбек Токтомамбетов жарым финалда өзбекстандык Бекзод Абдурохмонов күрөшүп, 6:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, олимпиадага жолдомо албай арманда калды.

Ал эми 19-апрелдеги түшкө чейинки беттешүүлөрдө 86 кг. салмакта Нуртилек Карыпбаев, 97 кг. салмакта Андрей Аронов жана 125 кг. Айаал Лазарев чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышкан.

20-апрелде кыз-келиндер, 21-апрелде грек-рим күрөшү боюнча Париж олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештер болмокчу.

Ушуну менен 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде жети жолдомо болду. Былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Ошондой эле сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга жолдомо уткан.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер