ЭНЕ ТИЛИМ – ЭНЕ СҮТҮМ

  • 13.10.2022
  • 0

Бишкек универсал колледжинде мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына жана окуу жайлар арасында өтүп жаткан бир айлыгына  карата өткөн иш-чарада мамлекеттик тилди үйрөнүү менен бирге кыргыз элинин тарыхын, элдик оозеки чыгармаларын, үрп-адатын, каада-салтын, ырым-жырымдарын жайылтууга басым жасалды.

Иш-чараны ачуу аземинде колледждин директору Айша Ибрагимова өз сөзүндө мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө биздин өлкөдөгү милдеттүү колдонулуучу тил экенин баса белгиледи.

— Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Ошол күндөн тартып азыркы күнгө чейин мамлекеттик тилге өзгөчө басым жасалып келатат. Мына быйыл окуу жайлар арасында бир айлык өтүүдө. Биздин окуу жайда дагы мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл бөлүнөт. Алыкул Осмоновдун “Эне тил” деген ырында айткандай, “Бирге жүрөм эне тилин кадырлайм, Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм. Башка тилди жандай жакшы көрсөм да, Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм”, — деди жетекчи.

Кыргыз жеринин улуулугун, сулуулугун даңазалаган акындардын ырларын артисттерден кем эмес аткарган таланттуу студенттер декламация айтып, обондуу ырларды ырдап, акыйнек айтышып, комузда күү ойнотушту.

— “Кыргыз тилде бабам Манас сүйлөгөн,

Кыргыз тилде комуз күүсү күүлөнгөн,

Сактап келген намысын да, салтын да,

Кайсы эл бар кыргыз пейилин билбеген”,   асманда жылдыз, жерде кыргыз көбөйүп, кыргыз тилибиз өнүгүп, билимдүүлөрдүн саны өсүп, өлкөбүздүн желеги алыскы өлкөлөрдө желбирей берсин деген жакшы каалоо-тилектер менен иш-чараны жыйынтыктайлы, — деди директор.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер