«ЭНЕ АДАТЫ — КЫЗГА ҮЛГҮ»

  • 05.04.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-2027-жылдарга Улуттук нарктуулукту сактоо жана өнүктүрүү” программасынын алкагында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Эне адаты — кызга үлгү” аттуу иш чара болуп өттү.

«ЭНЕ АДАТЫ - КЫЗГА ҮЛГҮ»

Аталган иш-чараны окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, аялдардын коомдогу орду тууралуу кенен токтолду. Акыркы жылдары өздөрүн ар тармакта сынап, өнүктүрүп, саясат, экономика, бизнес, билим берүү, маданият жана башка чөйрөдө өз ордун тапкан кыргыз аялдары көбөйгөндүгүн баса белгиледи. Ошондой эле кыз-келиндерге карата болуп жаткан зордук-зомбулуктардын кесепитин айтып, кыргыз эч качан кыздарын кордобогонун, байыртан эле эненин ордун жогору баалап, аларды аздектеп келгенин кошумчалады.

«ЭНЕ АДАТЫ - КЫЗГА ҮЛГҮ»

Иш-чарага Ош шаарынын аялдар кеңешинен өкүлдөр, университеттин аялдар кеңешинин төрайымы Айгүл Арынова жана “Ак элечек айымдар” коомунун төрайымы, “Алымбек датка этнографиялык” борборунун жетекчиси, “Даңк” орденинин ээси Жусу кызы Патила катышты. Патила Жусу кызы улуттук каада-салт, нарк-насил, үй-бүлөдөгү аялдын орду, кыз адеби тууралуу кеңири баяндап, тарбиялык мааниси зор насаат сөздөрү менен бөлүштү.

Окуу жайдын тарых-филология факультетинин  кыргыз филологиясы кафедрасынын доценти, ф.и.к. Сажида Эшманова  “Бешик байыртадан келген  таберик”,  Самара Исмаилова “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образы — улутубуздун руханий-адептик мурасын сактоонун өбөлгөсү” аталышындагы баяндамаларын жасап, улуттук асыл нарктардын жаштарды тарбиялоодогу орду тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер