“ЭМНЕ? КАЙДА? КАЧАН?” ОЮНДАРЫНЫН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫНЫН ГРАФИГИ

  • 26.11.2020
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүгө арналган иш-чаралардын алкагында, КР ББИМ жана «Алтын түйүн» БРИТА Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана «Алтын түйүн» БРИТАнын 60 жылдыгына арналган «Эмне? Кайда? Качан?» оюндарынын сериясын өткөрүүдө.  Оюнга Кыргызстандын бардык областтарынан 60 команда катышуу ниетин билдирип каттоодон өткөн. Бирок алардын ичинен 16сы гана чейрек финалга өтүштү.

Анын турнирлери төмөнкү график боюнча өтөт:

2020-жылдын 4-декабрында: «Саламандры» («Газпром Кыргызстан» мектеби, Бишкек ш. – «Эрудит» (Жалал-Абад областы, Жалал-Абад ш.);

2020-жылдын 18-декабрында: «Бурана» (Чүй областы, Чүй р-ну, БӨЧБ) – «Алтын-Ордо» (Жалал-Абад областы, Экология, чөлкөм таануу жана туризм БЧБ);

2021-жылдын 15-январында: «Жыргалан» (Ак-Суу) – «№26» МГ (Бишкек ш.);

2021-жылдын 22-январында: «№9 МГ ОТК» (Бишкек) – «Эрудиты» (Ош);

2021-жылдын 29-январында: «Мурас» (Жалал-Абад областы, Таш-Көмүр ш., Шамалды-Сай штп) – «БРИТА «Алтын туйун»» (Бишкек);

2021-жылдын 5-февралында: «Вперед, Кыргызстан!» (Ош ш.) – «Рики» (И.Раззаков ат.КМТУ, Бишкек ш.);

2021-жылдын 12-февралында: «Новое поколение» (№24 МГ, Бишкек ш.) — «Стар» (Жалал-Абад областы, Аксы району, Кызыл-Жар а., Мешков ат. №34 ОМ);

2021-жылдын 19-февралында: «№29 МГ» (Бишкек ш.) – «Дружба» (Ысык-Көл областы).

«Эмне? Кайда? Качан?» онлайн оюндары bbb.rdita.kg. платформасында өтөт. Виртуалдык оюнда командалаштар бири-бирин көрө алышат жана жооптордун варианттарын талкуулай алышат. Уюлдук телефондон да, компьютерден да (ыңгайына жараша) ойногонго болот. Эң негизгиси интернет болушу керек. Оюндар кыргыз жана орус тилинде өтөт.

Кеңири маалымат – «Алтын туйун» www.rdita.kg сайтында. Ошол жерден тандоо турунун оюндарынын жаздырууларын көрүүгө болот. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз!

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер