ЭЛНУРА МАМБЕТЖУНУШЕВА МАМЛЕКЕТТИК БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 14.10.2020
  • 0

Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду. 

Мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу жана алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды.

Башка буйрук менен Торутаев Алтынбек Элимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер