ЭЛЕТТИК ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИ ЭМНЕГЕ БААЛАНБАЙ ЖАТАТ?

  • 22.03.2018
  • 0

Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө орто мектебинде көп жылдан бери иштеп келаткан сүрөт мугалими Тилекматов Эсенамандын окуучулары республикалык сүрөт сынактарында байгелүү орундарды ээлеп келатышат.  

ЭЛЕТТИК ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИ ЭМНЕГЕ БААЛАНБАЙ ЖАТАТ?

Тилекматов Эсенаман Бишкекте сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүргөндөн кийин мектепте сүрөт мугалими болуп эмгектенгенине 33  жыл болду.  Анын окуучулары соңку он жылда райондук, облустук жана республикалык конкурс-сынактарда такай жеңүүчү болуп келатат. Атап айтканда, “Дордой” ассоциациясы уюштурган областтык “Жаш таланттар”  конкурсунда көп жолу биринчи орунду  ээлешкен.

Бишкекте ушул жылдын башында болгон “Дүйнө элдеринин оймолору”  аттуу конкурста 9-11 жаштагы окуучулар арасында экинчи жана 16 жашка чейинкилер арасында үчүнчү орунга ээ болушту.

Европа биримдиги уюштурган чоң сүрөт сынагында биринчи орунду алышкан. “Ак илбирсти коргоо боюнча эл аралык сынакта дагы Максат уулу Адилет, Чынгышбай кызы Махабат экинчи жана үчүнчү орунга татыктуу болушкан.

Ѳзү иштеген мектепте сүрөт галереясын түзгөн. Анда окуучулардын сыйлык алган сүрөттөрү жана мугалимдин өзүнүн колунан жаралган картиналар, сыйлыктар- грамоталары илинген.

ЭЛЕТТИК ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИ ЭМНЕГЕ БААЛАНБАЙ ЖАТАТ?

“Негизи мурда сүрөт сабагы, кол эмгек сабагы экинчи планда эле калчу. Мектепте галерея ачылганы балдарга жакшы таасир берди. Окуучулар ошондой эле ар кандай сынактарга катышып, жеңип, мактоо алганда аябай дем берет экен. Балдардын талантын ойготот экен. Башында сүрөт кружогуна катышат, андан өскөндө сынактарга катышат. А чынында мурда биз окуган убакта краска деген кандай экенин билишчү эмес. Биз балдарга краска менен сүрөт тартканды, композиция түзгөндү үйрөтүп жатабыз”,-дейт Эсенаман.

Аталган мугалим мектептеги көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Бирок мамлекеттик жогорку сыйлыктарга келгенде эле колдоо болбой жатканына нааразы. Беш жылдан бери педагогикалык жамааттын чечими менен Президенттин Ардак Грамотасына көрсөтүлүп келатат, бирок райондук деңгээлге жеткенде эле колдоо болбой, сыйлыкка көрсөткөн документтери каралбай калып жатканын айтууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер