ЭЛЕТТИК СОЦПЕДАГОГДУН САЛЫМЫ

  • 18.05.2020
  • 0

Айылдык кеңештин депутаты Кенжегүл Бектемирова Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинде соцпедагог болуп эмгектенет.

ЭЛЕТТИК СОЦПЕДАГОГДУН САЛЫМЫ

Мурда деле соцпедагогдук ишине байланыштуу жумушу көп болчу. Айтуусунда карантинден улам аткарчу иштери андан бетер арбыды.
— Апрель айынан баштап аралыктан окутууга өттүк. Чындыгында жаңы форматтагы окутууга окуучулардын бир даары даяр эмес болчу. Мектеп жетекчилиги менен биргелешип иштедик. Алдын айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жардамга муктаж окуучулардын тизмесин түзүп чыктык, — дейт Кенжегүл.

ЭЛЕТТИК СОЦПЕДАГОГДУН САЛЫМЫ
Көп өтпөй аз камсыз болгон төрт үй-бүлөгө телевизор, ушундай эле абалда жашашкан 60 үй-бүлөгө азык-түлүк жагынан жардам берилди.
— Айылда төрт үй-бүлөдө телевизор жок экен. Нарын шаарындагы демөөрчүлөргө кайрылып, бул маселени чечтик. Азыр мектептеги баардык окуучулар телесабактарды үзгүлтүксүз көрүп жатышат, — деп айтат айылдык күжүрмөн соцпедагог.

ЭЛЕТТИК СОЦПЕДАГОГДУН САЛЫМЫ
Мындан тышкары, элеттик соцпедагогдун аракети менен мектептеги 600 окуучу «О’ компаниясынын бекер симкаларына ээ болушту.
А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер