ЭЛЕТТЕГИ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ: ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ДИАЛОГ ӨТТҮ

  • 13.10.2026

Бүгүн Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин демилгеси менен Элеттеги аялдардын эл аралык күнүнө карата атайын диалог өткөрүлдү.

Иш-чарага аталган кеңештин төрагасынын орун басары Эркеайым Сейтказиева баштаган депутаттар Айгуль Ахмедова, Алтынкуль Мурзакимова, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева, “Биом” экологиялык кыймылынын жана аймактардан келген жамааттардын өкүлдөрү катышты. ЭЛЕТТЕГИ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ: ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ДИАЛОГ ӨТТҮ

Андан тышкары диалогго Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан “Тынчтык булагы — аялдар климаттык жана суу коопсуздугу үчүн” тармагынын мүчөлөрү да чакырылган.

Талкуу маалында суу ресурстарын башкаруудагы аялдардын ролу тууралуу сөз болуп, элеттик аялдардын демилгелерин колдоого алуу боюнча сунуш-пикирлер көтөрүлдү. Тагыраагы, айылдык аялдардын демилгелерин жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги чечимдерге, анын ичинде мыйзам актыларына жана мамлекеттик программаларга интеграциялоого көмөктөшүү зарылчылыгы айтылды. ЭЛЕТТЕГИ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ: ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ДИАЛОГ ӨТТҮ

Иш-чарада келтирилген маалыматка ылайык, Кыргызстандын айыл жеринде жашаган 2 миллион аялдын 35–39%ы айыл чарба тармагында эмгектенет. Бирок алардын 18–20%ы гана фермердик чарбаларды башкарып, 5–10%ы гана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын башкаруу органдарына жана бассейндик кеңештерге кирет.

Андан тышкары, жыйында климаттык туруктуулукту сактоо жана бул жааттагы көйгөйлөрдүн алдын алуу маселелери ортого салынды. Айтылган сунуштар жергиликтүү климаттык пландарды иштеп чыгууга, климат жана суу маселелерин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизүүгө, ошондой эле суу ресурстарын башкарууга аялдардын жана аярлуу топтордун катышуусу жөнүндө мыйзам алдындагы актынын долбоорун илгерилетүүгө багытталган. ЭЛЕТТЕГИ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ: ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ДИАЛОГ ӨТТҮ

Эл аралык айылдык аялдардын күнү жыл сайын 15-октябрда белгиленет. Бул майрам БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан айыл жергесинде жашаган аялдардын коомдогу, өзгөчө айыл чарбасындагы жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуудагы ордун баалоо максатында кабыл алынган.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү