“ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК” КЫЗМАТТАРЫНА ЖАЛПЫ ТАЛАПТАР ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

  • 28.12.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу процессин автоматташтырган “Электрондук күндөлүк” же башка ушул сыяктуу аталыштагы маалыматтык системаларга жалпы талапты иштеп чыкты.

Маалыматтык системалардын талапка дал келүүсүн ведомстволор аралык жумушчу топ текшерет. Эми мындан ары ушул кызматты көрсөткөн ар бир жеке жана юридикалык жак жалпы талапка ылайык маалыматтык системаны текшерткенден кийин гана мектептер менен иштей алат.

Требования к АИС Э-дневник.PDF

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер