ЭЛЕКТРОМЕХАНИКАНЫН АЛП АДИСИ

  • 15.05.2025
  • 0

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, ак падыша доорунда Токтогул менен Сибирге, cовет  заманында Боогачы, Казыбек менен  Оренбургга колу-бутуна темир кишен салынып айдалган, бүгүн Нарындын Эмгекчил айылынын чоң көчөсүнө аты берилип, борборуна айкели  орнотулган учурунда бий, болуш болгон  Чынгыш ажынын небереси, профессор Абдыралы Алсейитович  агай 80 жашка чыкса дагы  ишмердиги,  элге кылган эмгеги, калыстыгы  менен башкаларга жана жаштарга үлгү, өрнөк болуп келет.

ЭЛЕКТРОМЕХАНИКАНЫН АЛП АДИСИАл 1963-жылы Фрунзе Политехникалык институтунун  энергетика факультетине тапшырып, аны 1968-жылы ийгиликтүү аяктап, «Электр кыймылга келтиргич жана өнөр жайын автоматташтыруу» адистигине ээ болуп, ушул окуу жайда мугалим, доцент, профессор, кафедра башчысы, кесиптик кошундардын төрагасы болуп, жигердүү иштеген.  Учурунда  Москва энергетика институтунун, азыркы “МПЭИ” Россия улуттук изилдөө университетинин аспиранты болуп, 1976-жылы  техника илимдеринин кандидаты  болгон. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги болуп шайланган.  Билим берүүнүн жана финансы рыногунун мыктысы.  Ал «Ала-Тоо-Инвест»  инвестициялык фондунун  негиздөөчүлөрүнүн бири жана менеджери болгон.  Кыргызстандын сыра өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жана “Арпа” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп,  өлкөгө инвестиция тартып келүүгө зор салым кошкон мекенчил ишмерлердин бири. Ондон ашуун монографиянын,  окуу китептердин жана  элүүдөй илимий эмгектердин автору. АКШ, Италия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн стажировкадан өтүп, билимин тереңдетип келген.

“Аккан арыктан суу агат” дегендей Абдыралы агай тектүү элдин кулуну.

-Чоң атам туугандарын отурукташтырып, дыйканчылыктын сырын үйрөтүп, жер айдатып, булгаары иштетип, өтүк ултара турган, самын жасоочу чакан ишканаларды ачкан экен.  Ак падыша доорунда Анжиян көтөрүлүшчүлөрүнө жардам көрсөткөн деген жалаа жазылып, 1898-жылы Сибирге айдалган. 1916-жылы  Үркүндө орус бийлиги менен сөз таап, элинин көпчүлүгүн  Кытайга үрктүрбөй аман сактап калган. Совет заманында 81 жашында  бардык чарбасы жок кылынып, мүлктөрү конфискацияланып, Орусиянын Оренбург шаарына  сүргүнгө айдалган. Бул киши алдыда илим-билимдүүлөрдүн заманы болоорун түшүнүп, совет дооруна чейин эле  балдарын окутуп, сабатсыздыгын жойгон.  Акбагыш, Алсейит деген уулдарын 1921-1927-жылдары  Алматыдагы  Казак агартуу институтунда окуткан.  Акбагыш ал институтту аяктап, Нарын аймагынан чыккан биринчи журналист, жазуучу болсо, Алсейити биринчи полиграф адиси болгон. Азыр дагы  Чынгыш ажынын урпактары илим-билим тармагында иштегендери көп, ар кандай тармактагы эки илимдин доктору, беш кандидаты бар. Ошентип Чынгыш ажы эл бийлөөчү, агартуучу гана эмес, алысты көрө билген кыраакы адам болгон, -деп эскерет Абдыралы агай.

ЭЛЕКТРОМЕХАНИКАНЫН АЛП АДИСИ— Совет доорунда, алыскы тоолуу Нарындагы окутуу орус тилиндеги Чкалов мектебинде биз окуган учурда негизинен орус улутундагы мугалимдер болчу. Ошолордун бири математика жана черчения боюнча инженердик билими бар Таранина Валентина Федоровна эле. Ал баарыбызга логарифмалык линейканы саттыртып алдыртып, аны колдонууну үйрөтүп, үйгө тапшырма берчү. Черчения сабагында фигуралардын үч проекциядагы сүрөттөлүшүн, деталдардын кесилиштерин, цилиндр менен цилиндрдин, конус менен кошулушун чийүү ыкмаларын өтүп, жолдошу автобазанын башкы инженери болгондуктан, үйдүк тапшырма катары ар бирибизге ар кандай деталь алып келип, мага автомобилдин моторунун шатунун проекцияларын жана анын диметриялык сүрөтүн чийүүсү тийген. Кийин Политехникалык институтунда биринчи курста окуганымда “Чийме геометрия” сабагы мен үчүн жеңил болду. Ал эми борбор шаардын мектептерин бүткөн курсташтарым, проекциялык чиймелерди жана логарифмикалык линейка менен иштешти билишпейт экен. Булардан башка да жакшы мугалимдер  билим беришти, аларга да таазим, -деп профессор окуучулук күндөрүн эскерип отурду.

ЭЛЕКТРОМЕХАНИКАНЫН АЛП АДИСИ  -“Арпа” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы кызматтын Абдыралы 20 жылдан ашык аркалап келди. Мындай чоң мезгилдин ичинде завод Германиянын пиво өндүрүү үчүн жабдууларды чыгаруучу ишканалары менен кызматташып, кайнатуучу, калыптануучу, чыпкалоочу, бөтөлкөлөргө куючу заманбап жабдууларды алып, технологияны улам жаңылап турду. Ушул жылдардын ичинде  ишин жакшы билген адис катары Абдыралы бир топ коомдорду  бириктирип, алардын укугун коргой турган ассоциация түздү. Өндүрүштүк ишке баш оту менен кирсе да Абдыралы И. Раззаков атындагы Мамлекеттик техникалык университетиндеги мугалимдик ишин жыйыштырган жок. Мурда окуп жүргөн предметтери боюнча сабак өтүп, университеттин профессору катары иш алып барды. Былтыр  анын кыргыз тилинде жазылган “Электр энергетикалык системаны релелик коргоо жана автоматташтыруу ” аттуу эмгеги  Билим берүү жана илим  министрлигинин чечими менен жогорку техникалык  окуу жайлары үчүн окуу китеби статусун алган. Бул эмгеги КМТУда Мамлекеттик тилде окуу процессин жүргүзүүнү күчөтүү максатында уюштурулган кыргыз тилиндеги окуу-илимий эмгектеринин сынагында “Мыкты окуу китеби” номинациясында биринчи даражадагы диплом менен сыйланды. Кайсы багытта болбосун иш алып барууда Абдыралы терең изилдеп, ийине жеткире илимдин негизинде иштеп көнгөн адам. Бирок эч качан көкүрөгүн чаап, билиминин бийиктигин эл алдында көргөзбөөгө дайым аракет кылат. Бул сөз жок улуу адамдын касиеттеринин бири,-дейт техникалык илимдердин доктору, профессор, Эл аралык инженердик академиянын   академиги Карыпбек Алымкулов.

ЭЛЕКТРОМЕХАНИКАНЫН АЛП АДИСИ-Абдыралы студент кезинде эле өзүнүн санжырасын тактап, генетикалык дарагын тартып жүргөн. Тарыхый билими терең болгон үчүн ата-бабаларынын өмүр баяндарын изилдеп, керектүү маалыматтарды таап чоң эмгекти жаратты. Тынымсеит уруусунун санжырасын кеңири жазды. Тынымсеит уруусунун өкүлдөрү китепти ыраазы болуп кабыл алышты. Азыр экинчи толукталган басылмасы чыкты. Диссертациясынын негизинде “Магнитоуправляемые контакты переменного тока” аттуу монографиясын чыгарды. Кыргыз Совет Энциклопедиясына дагы нечен макала жазды. Кыргыз тилинде окуу куралдарын  басмадан чыгарды.

Абдыралынын илимий жана чыгармачылык мүнөздөмөсүн Карыпбек Алымкулович жогоруда кеңири айтып берди.  Мен болсо Абдыралынын адамдык, достук мүнөздөрү жөнүндө айта алам. Ал  салабаттуу, көтөрүмдүү, оор басырыктуу, чыдамкай, эмгекчил, мээримдүү, абдан адамкерчиликтүү, билимдүү, мекенчил инсан,- дейт бирге окуган досу, техника илимдеринин кандидаты, доцент Асанбек Керимбаев.

-ӨмЭЛЕКТРОМЕХАНИКАНЫН АЛП АДИСИүрлүк жарым Раиса Москва Мамлекеттик университетин бүтүрүп, эмгек жолун  Илимдер академиясынын Органикалык химия институттунда кенже илимий кызматкери болуп баштап,  үзүрлүү иштеп, 2 ойлоп табуунун  жана 11 илимий эмгектин автору болду. Балдарды чоңойтом деп жүрүп, ар кандай себептерден диссертациялык ишти таштап койгон эле. Политехника институтунда химия кафедрасында мугалим болуп иштеп, кийин КГУСТа уюшулганда ал жакка которулуп, көп жыл докторантура, аспирантура жана магистратура бөлүмүн башкарып, пенсияга чыкты. Балдарыбыз жогорку билим алышып, турмушта өз жолун таап, ак эмгек менен турмушун курду. Неберелерибиз мектепте мыкты жетишкендиктери менен бизди кубантып, өмүрлүү, бактылуу, коомубузга пайдалуу инсандар болушсун деген тилектебиз, -дейт профессор Абдыралы Чынгышев

ЭЛЕКТРОМЕХАНИКАНЫН АЛП АДИСИАгайдын өлкөбүздүн экономикасына, өнөр жайына, илим-билим тармагына кошкон салымдары,  кесипкөй кадрларды даярдоодогу аракеттери, коомдук ишмердиги тууралуу айта берсе узун сабак аңгеме болуп, гезит бети түтчүдөй эмес.

Бар болуңуз, жаратман агай, 80 жылдык мааракеңиз кут болсун!

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер