Эл аралык менеджмент олимпиадасы: АЭУ 2-орунда

  • 30.04.2025
  • 0

Ала-Тоо Эл аралык университетинин студенттери жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн Эл аралык менеджмент олимпиадасына катышты. 

Эл аралык менеджмент олимпиадасы: АЭУ 2-орунда

Олимпиада  үч этап: тест тапшырмалары, долбоорду презентациялоо жана квест-оюнунан турду.  Окуу жайдын командасынын курамын Мырзайым Куштарбек, Саадат Айткулова, Элизат Султанали кызы жана Акылай Төлөгөнова түздү.

АЭУнун командасы бардык этаптардан ийгиликтүү өтүп, менеджмент багытында терең билимдерин жана командада иштөө жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Экинчи этапта алар жаштардын демилгелерин өнүктүрүүгө жана жаңы муундун ишкердик потенциалын ишке ашырууга багытталган “Жаш муун” долбоорду сунушташты.

Жыйынтыгында, АЭУнун командасы экинчи орунду ээлеп, катышуучулар кубок, диплом жана белектер менен сыйланышты.

Олимпиада К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан уюштурулду.

Айгерим Токтобаева, «Кут БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер