ЭЛ АРАЛЫК КЫРГЫЗ-ТҮРК ЛИЦЕЙИНДЕ АЛИППЕ МАЙРАМЫ ӨТТҮ

  • 28.04.2022
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин 1-класстарынын окуучулары үчүн “Кош бол, Алиппе!” майрамы өттү.

ЭЛ АРАЛЫК КЫРГЫЗ-ТҮРК ЛИЦЕЙИНДЕ АЛИППЕ МАЙРАМЫ ӨТТҮ

Салтанатта лицейдин дирекциясы, башталгыч класстарынын мугалимдерине 1-класстардын окуучулары тарабынан даярдалган майрамдык концерт сунушталып, жетекчилик, мугалимдер жана ата-энелер тарабынан куттуктоолор айтылып, кенжетайларга сабаты ачылгандыгы тууралуу күбөлүктөр берилди. Иш-чара жогорку уюшкандыктын жана чеберчиликтин деңгээлинде өтүп, окуучуларга жана алардын ата-энелерине абдан жагып, кызыктуу, шаңдуу, эсте калгыдай болду.

ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин дирекциясы

Бөлүшүү

Комментарийлер