ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-БИЛИМ БЕРҮҮ ЛАГЕРИНЕ КАТЫШУУ ҮЧҮН ӨЗБЕКСТАНДАН АЛГАЧКЫ ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ
- 04.07.2026
- 0
Бүгүн, 4-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары жана мектеп окуучулары үчүн уюштурулуп жаткан Эл аралык илимий-билим берүү лагерине алгачкы чет элдик делегация келди.
Өзбекстан Республикасынан келген делегациянын курамында 15 окуучу жана 2 профессор бар. Конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов тосуп алып, лагердин программасы тууралуу маалымат берип, катышуучуларга ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.
Белгилей кетсек, Эл аралык илимий-билим берүү лагери ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мектеп окуучуларынын жана жаш изилдөөчүлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө, илимий-билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы демилгелерди ишке ашырууга багытталган.
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»
Комментарийлер