«ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ” КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 22.02.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы №94 жалпы орто билим берүү мектебинде 21-февраль «Эл аралык эне тил” күнүнө карата атайын иш-чара уюштурулду.

"ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ” КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Иш-чара кыргыз, казак, орус,  өзбек, түрк, индус улуттарынын атайын программасы менен коштолду.  Ар бир улут өз тилинде саламдашып, ырдап, улуттук бийлерди аткарып беришти.

Аталган салтанатты тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмеси биргеликте уюштурду.

Иш-чара конкурстук негизде өтүп:

Биринчи орунду кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмеси кыргыз улуту жана башталгыч класстар усулдук бирикмеси казак улуту багындырды. Экинчи орунга социология усулдук бирикмеси өзбек улуту татыса үчүнчү орунду орус тили жана адабияты усулдук бирикмеси орус улуту ээледи.

Фархат КАНЫБЕКОВ «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер