ИДЕЯДАН ИШКЕ КАРАЙ КАДАМ
- 23.04.2026
- 0
2026-жылдын 22-апрелинде Кыргызстанда стратегиялык маанидеги жаңы демилге — «ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ» көп тармактуу мега-долбоору расмий түрдө ишке кирди.

Бул долбоор өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган алдыңкы идеяларды тандоо жана ишке ашыруу үчүн түзүлгөн уникалдуу аянтча катары бааланууда.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту тарабынан ишке ашырылып, мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн жана коомдук өкүлдөрдүн катышуусунда уюштурулууда. Уюштуруу комитетинин курамында Адилбек уулу Шумкарбек, Кайыпов Сулайман, Дарданов Нурлан Камалбекович жана Саркулова Мээрим сыяктуу жооптуу өкүлдөр бар.
Долбоордун негизги максаты — өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган эң мыкты идеяларды жана демилгелерди иргеп алуу, аларды иш жүзүнө ашырууга шарт түзүү. «ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ» бул жөн гана сынак эмес, бул — мамлекеттин келечегине салым кошо турган идеяларды бириктирген стратегиялык платформа.
Адилбек уулу Шумкарбек бул демилгенин мааниси тууралуу сөз кылып, долбоор өлкөнүн өнүгүүсүнө жаңы дем берерин белгиледи. Ал эми профессор Кайыпов Сулайман Турдуевич илимий жана интеллектуалдык потенциалды пайдалануу аркылуу долбоордун натыйжалуулугун жогорулатууга болорун баса белгиледи.
Долбоор төрт этап менен жылына бир жолу өткөрүлөт. 2026-жылдагы иш-чара апрель айында башталып, декабрь айында жыйынтыкталат. Демилгелерди каттоо расмий сайт аркылуу жүргүзүлөт: https://nisi.gov.kg
«ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ» — бул идеяны ишке ашырууга жол ачкан, коомдун ар бир мүчөсүн өнүгүүгө үндөгөн маанилүү платформа. Долбоор өлкө келечеги үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, биримдикке жана өнүгүүгө багытталган демилгелерди колдоого алууда.
Салкынай САЛМООРБЕКОВА «Кут Билим», И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти
Малика АСАМАДИНОВА «Кут Билим», И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти




Комментарийлер