Электрондук каттоо: ЭКИНЧИ ЭТАП БАШТАЛДЫ
- 03.06.2024
- 0
3-июнда балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоонун II этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
II этаптын биринчи күнү саат 12:30га карата 9 миң 628 бала катталды. Электрондук каттоонун алгачкы күнү т.а.
8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлгөн электрондук каттоонун I этабында 70 миң 16 бала катталган.
Төмөндө Бишкек шаары боюнча толгон мектептердин тизмеси:
- №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
- №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
- №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
- А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
- №62 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- № 37 мектеп-гимназия.
- Чыңгыз Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназия.
- Низами Гянджеви атындагы №103 жалпы орто билим берүү мектеби.
- Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназия.
- Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекси.
- №33 мектеп-гимназия.
- Райкан Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- №100 жалпы орто билим берүү мектеби.
Эскерте кетсек, II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүрөт.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.
А.Кашыбаева,
“Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер