ЭДИЛ БАЙСАЛОВ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ
- 01.09.2023
- 0
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн 1-сентябрда Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ачылышына катышты.
Аталган айылдын 600дөн ашуун окуучусу ашар жолу менен курулган эски мектепте билим алып келген. Жаңы мектеп 275 бала ылайыкталып курулду, бардык керектүү шарттары менен бар.
Эдил Байсалов өз сөзүндө бүгүн билим күнүндө Кыргызстанда 42 мектеп ачылып, пайдаланууга берилгенин, 100 мектептин курулушу жүрүп жатканына токтолуп, билим берүү тармагындагы шартты жакшыртуу өлкөнүн артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.
АЙГЕРИМ ТОКТОБАЕВА, «КУТ БИЛИМ»
Бөлүшүү
Комментарийлер