ЭАУНУН СПОРТЧУЛАРЫ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШТИ

  • 22.11.2018
  • 0

14-19-ноябрда К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин студенттери “Дени сак жаштар – дени сак өлкө!” аттуу спорттук мелдештерге катышып, ийгиликке жетишип келишти.

Аталган иш-чарага Жалал-Абад шаарынын бардык жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин курама командалары катышты. Спорттук мелдештер улуттук спорттун түрлөрү жана мини футбол боюнча өзүнчө өткөрүлдү.

Натыйжада ЭАУнун  курама командасы айтылган мелдештерде улуттук спорттун түрлөрү боюнча жалпы командалык тартипте I орунга жана мини футбол боюнча өзүнчө I орунга татып, эки жеңиш кубогун утуп алышты.

“Окуу жайдын курама командасын машыктырып даярдаган дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучуларына ушул жеңиштер үчүн чоң ыраазычылыктарды билдиребиз жана албан-албан ийгиликтерди каалайбыз”, — дешет окуу жай жетекчилиги.

 

Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер