ЭАУНУН ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУСУ ЖАРАТКАН ИЙГИЛИК
- 25.02.2020
- 0
Ош шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча жалпы республикалык олимпиадада К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин 4-классынын окуучусу Кадыров Нурсултан 9-10 жаштагылар арасында III орунду багындырды.
Мелдешке республика боюнча 217 окуучу катышты. Кадыров Нурсултандын ата-энеси ушул эле окуу жайдын окутуучулары — атасы э.и.к., доцент Кадыров Толкунбек Акбаралиевич, апасы э.и.к., доцент Пулатова Гүлнара Тулановна.
Эске сала кетсек, ушул эле лицейдин окуучусу Садыков Амантур 2018-2019-жылдары менталдык арифметика боюнча республикалык жана эл аралык олимпиадаларда (Казакстан, Алматы ш.) I орундарга жетишкен.
Бөлүшүү
Комментарийлер