ЭАУДА УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 15.12.2022
  • 0

ЭАУДА УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

12-декабрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте Улуттук адабият күнүнө жана дүйнө жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып “Кыргыз адабиятынын залкар чыгармалары, акындары жана жазуучулары” аттуу массалык маданий иш-чара өттү.

Анын алкагында кыргыз дастандары, белгилүү адабий чыгармалары боюнча сахналаштыруулар болуп, адабий окуулар өткөрүлүп, кино тасмалар жана фото-видео слайддар көрсөтүлдү, о.э. улуттук ыр-бийлер аткарылды. Университеттин мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы (башчысы ф.и.к., доц. Д. Алтаева) уюштуруп, маданий-эстетикалык борбору (директору М.Гайымов) көркөмдөп берди. Аталган маданий иш-чараны уюштурууга негизинен филологиялык жана педагогикалык багыттарда билим алган студенттер тартылды.

   ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер