ЭАУда ТАШТАН БӨРҮБАЕВДИН 75 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 17.12.2021
  • 0

17-декабрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде  профессор Таштан Бөрүбаевдин 75 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип, мааракелик иш-чаралардын алкагында “Педагогика, санариптештирүү жана жаңы маалыматтык технологиялар” аттуу чөлкөмдүк илимий-практикалык конференция өткөрүштү.

ЭАУда ТАШТАН БӨРҮБАЕВДИН 75 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИМаарекелик иш-чараларга жана аталган конференцияга ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын түштүк чөлкөмүндөгү бир катар жогорку окуу жайлардын, уюм-мекемелердин өкүлдөрү катышты, алардын ичинде ЖАМУ, ОшМУ, КӨУ, ОМПИ, ОшТУ, БатМУ, ЗЭАУ, РМСУнун Оштогу филиалы бар.

Профессор Т.Бөрүбаев өлкөнүн педагогика илиминин, түштүктөгү жогорку билим берүү тутумунун өнүгүүсүнө  зор салымын кошкон, Эмгек сиңирге ишмер, илимпоз, педагог инсан катары таанымал. Ал 50 жылдай эмгек жолун жогорку кесиптик билим берүү тармагына арнап, анын ичинде 20 жыл ОшМУда, 28 жыл ЭАУда иштеп келген.

Бөлүшүү

Комментарийлер