ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: НООКАТТА МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

  • 18.08.2026
  • 0

Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аймактагы жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери үчүн «Доор өзгөрткөн билим: өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр, сапат жана жыйынтык» деген темада онлайн форматта кеңешме өткөрүлдү. Ага райондогу мектептердин эмгек жамааттары өздөрүнүн билим берүү мекемелериндеги жыйын залдарынан бирдиктүү форматта катышып, тармактагы актуалдуу маселелер боюнча кеңири пикир алмашышты. ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: НООКАТТА МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН КЕҢЕШМЕ ӨТТҮКеңешменин жүрүшүндө Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Зайнабидин Мамасадыков атайын баяндама жасады. Анда бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн абалы, мугалимдин коомдогу жана окутуу процессиндеги орду тууралуу сөз болду. Мындан сырткары, эмгек мамилелерин мыйзам талаптарына ылайык жөнгө салуу, ички тартип, педагогикалык кеңештин ишмердүүлүгү, Эмгек кодексине ылайык келишимдерди түзүү жана кызматкерлердин функционалдык милдеттери боюнча тереңдетилген маалыматтар берилди. ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: НООКАТТА МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН КЕҢЕШМЕ ӨТТҮИш-чарада билим берүүнүн мазмунуна жана мугалимдин ишмердүүлүгүнө жаңыча көз караш менен мамиле кылуу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Зайнабидин Мамасадыков өз сөзүндө: «Бүгүнкү күндө сааттын санына эмес, ошол саатта берилген билимдин мазмунуна жана натыйжасына басым жасай турган мезгил келди», — деп билдирди. Ошондой эле, педагогдор «бала окууга кызыкпай жатат» деген эски түшүнүктөн арылып, анын ордуна «баланы билимге кызыктыруу үчүн дагы эмне кылышым керек?» деген суроону ар бир мугалим өзүнүн кесиптик позициясына айлантышы керектиги баса белгиленди. ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: НООКАТТА МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

Билим берүү системасы заман талабына жараша тынымсыз өзгөрүп жаткандыктан, мугалимдин көз карашы, окутуу ыкмалары жана жоопкерчилиги да жаңыланышы шарт. Жалпы жонунан алганда, бул маанилүү кеңешменин негизги максаты — билим берүү кызматкерлеринин укуктук жана кесиптик сабаттуулугун жогорулатуу менен бирге, билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган бирдиктүү түшүнүктү калыптандыруу болду.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер