Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА: “Биздин максат – балдарды эрте өнүктүрүү кызматтарына адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу”
- 05.11.2024
- 0
“…Сапаттуу адамдык капитал, мектепке чейинки билим берүүдөн баштап, «Кыргыз жараны» бирдиктүү адеп иденттүүлүгүн калыптандыруу, инсандын өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү, климаттын өзгөрүшү, экологиялык чечилиши керек” – деди Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” улуттук форумунда.
Министр айым өз сөзүндө балдарда адамдык капиталдын калыптанышы жаш кезинен башталарын баса белгилөө менен, мектепке чейинки билим берүүнүн жана эрте өнүктүрүүнүн өзгөчө мааниси адамдын ой жүгүртүүсүнүн, анын ичинде жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери STEM-предметтери аркылуу жүрүм-турумдун, негизги принциптердин жана адаттардын 70 пайызы ушул куракта калыптангандыгы менен түшүндүрүлөрүнө токтолду. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда демографиялык өсүү кыйла жогорулап, 2000-жылдан бери өлкөдө төрөлүү 170 пайызга же 1,7 эсеге өскөн. Ошол эле учурда кайра куруу жылдарынан кийин балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо деңгээли өтө төмөн деңгээлге түшүп кеткен. Өлкө башчыбыз жыл аягына чейин балдарды бала бакчаларга камтууну 40 пайызга жеткирүү тапшырмасын койгону маалым.
— Мамлекет башчысы, ишкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жасалып жаткан аракеттердин жардамы менен эгемендүүлүктүн 30 жылында биринчи жолу совет доорундагы бала бакчалардын санынан ашты. Биздин максат – балдарды эрте өнүктүрүү кызматтарына адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу — деп белгиледи Д.Кендирбаева.
Министрлик бала бакчалардын санын төмөнкү чаралардын жардамы менен көбөйтүүдө:
- кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу,
- ваучерди же каржылоонун жаңы моделин ишке ашыруу,
- үй-бүлөлүктиптеги балабакчалардыачуу,
- бала бакчалардагы уктоочу жайларды окуу мейкиндигине айландыруу.
Учурда 302 кыска мөөнөттүү бала бакча, 257 үй-бүлөлүк типтеги бала бакчалар жана 300 эрте өнүктүрүү борборлору ачылды. 2024-жылдын октябрь айындагы оперативдүү маалыматтар боюнча мектепке чейинки даярдоого 33, 2% же 290 миң бала тартылды.
Азыркы учурда ɵлкɵ боюнча 68 бала бакча ишке берилгени турат. Анда бала бакча менен камсыздоо дээрлик 35% жетет.
2023-жылы кабыл алынган “Билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзамдын негизинде жеке бала бакчаларды түзүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлган. Атап айтканда, жеке менчик бала бакча ачууну каалагандар мындан ары лицензия алууга милдеттүү эмес, алар кабарлоо жолу менен гана ачса болот. Ошондой эле үй тибиндеги бала бакчаларды ачкан жеке ишкерлер салыктан бошотулду. Бирок ошол эле учурда жеке менчик бала бакча ачкан ишкерлер сөзсүз түрдө акысыз окутуудан жана сертификациядан өтүшөт. 2024-жылдан бери биринчи жолу мамлекеттик банктар бала бакчаларды куруу жана оңдоо үчүн үч жана беш жылга 10 миллион сомдон 70 миллион сомго чейин жеңилдетилген насыяларды бере баштады.
Мектеп жашына чейинки курактагы балдарын бала бакчаларга берүү менен 40 миң ата-эне эмгек рыногуна чыгып, үй-бүлөлүк бюджетине эле эмес, мамлекеттин бюджетине салык төлөмдөрүн төлөп, 1 млрд. сомдон ашык пайда алып келиши күтүлүүдө. Андан тышкары, мектепке чейинки билим берүү секторунда 7120 жумуш орундары түзүлмөкчү.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер