ДИЗАЙН ЖАНА АНИМАЦИЯ СЫРЛАРЫ

  • 06.07.2020
  • 0

ДИЗАЙН ЖАНА АНИМАЦИЯ СЫРЛАРЫ

 

Онлайн университеттин Дизайн жана анимация лабораториясы  6-июль күнү саат 15:00дө «Анимация. Технологиялык санат» деген темада вебинар өткөрөт.

Вебинарда графикалык анимациядагы технологиялар, тренддер жана бул индустриянын азыркы кездеги өнүгүү процесси жана Кыргызстандагы анимация тууралуу маалыматтар берилет.

ДИЗАЙН ЖАНА АНИМАЦИЯ СЫРЛАРЫ

Вебинардын спикери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн ага окутуучусу Каныбек Өмүрбеков.

Белгилей кетсек, Каныбек Өмүрбеков бир катар жылдар бою жаш кыргыз аниматорлорун даярдап келген өлкөдөгү бирден бир адистердин бири.

Эске салсак, «Үйрөнүүнү үйрөн» урааны алдында иш алып барган Онлайн Университети мектеп мугалимдерине, жогорку окуу жайларынын окутуучуларына кесиптик өнүгүүгө багытталган вебинарларды, түрдүү илим тармагында олуттуу эмгек жараткан окумуштуулардын изилдөөлөрүн жана табылгаларын тааныштырган маектерди уюштуруп, ошондой эле коомдук актуалдуу көйгөйлөр тууралуу ачык талкууларды өткөрүп келет.

Вебинардын шилтемеси:

https://zoom.us/j/93843530374?pwd=MEdocElzYm5hN2tVVVkvWUxPb3p5Zz09

Конференциянын идентификатору: 938 4353 0374

Пароль: 348142

Байланыш үчүн: Элира Турдубаева +996 700 093 097, [email protected]

Facebook: https://www.facebook.com/onlineuniversitykg/

Instagram: onlineuniversity.kg

YouTube: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

Толугураак https://bilim.akipress.org/kg/news:404553/?f=cp

 

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү#онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола#онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring#onlinementor

 

Бөлүшүү

Комментарийлер