ДИСТАНТТЫК САБАККА ЭЧ КАТЫШПАГАН БАЛАНЫН БИЛИМИН КАНДАЙ БААЛАЙБЫЗ?

  • 29.10.2020
  • 0

Аралыктан окутуунун машакат жараткан маселелери мугалимдердин социалдык медиада жүргүзгөн чоң талкуусунун өзөгүн түзүүдө. Бир чейрек дагы аралыктан өткөн сабакка катышпаган окуучулардын билимин баалоо көп мугалимдердин баш катырган түйүндүү суроосуна айланды.

“Бир да жолу онлайн сабакка катышпаган окуучу 1-чейректе кандай тартипте бааланат? Менин оюмча ар бир мектепте мындай окуучулар бар, бул ачуу чындыкты моюнга албай коюу мүмкүн эмес. Андыктан «кенешип кескен бармак оорубайт» дегендей , республика боюнча, негиздүү бир тартипти кабыл алуу керек. Сабакка бир да жолу катышпаган окуучуга жөн гана, журналдын каалаган бош клеткасына жалган «3» деген бааны коюу — бул онлайн сабакка аракет кылып катышып, эмгектенип, жоопкерчиликти сезип , «3» деген бааны алган окуучунун алдында туура келбейт экен. Орус тилинде айтканда «совесть не позволяет». «2» деген баа коюуга да мүмкүн эмес. Себеби «эмне үчүн сабакка катышпай жатасын» деген суроого, албетте түз эле «телефон жетишпейт, интернетим жок болуп жатат, же агам, эжем телефонду бербейт » ж.б.у сыяктуу жооптор”,-деп жазды Фейсбуктагы талкууга Ирсалат Ниязалиева.

Жалган отчеттор…

Бул дистанттык окуунун жүрүшүндө мугалимдер туш болгон көп маселенин бир эле чети. Мындан башка Интернеттин жеткиликтүү болбой жатканы, окуучулар менен кайтарым байланышты түзүүнүн жолдору, маалыматтык технологияларды билбеген, санарип билими жетпеген мугалимдер, мультимедиялык сабактардын сапаты ж.б толгон-токой маселе бар.

COVID-19 пандемиясы бүт дүйнөнүн элин жашоо үчүн күрөштүн элегинен өткөрдү. Билим берүү тармагы да өзүнчө бир жаңы сыноого кабылды. Эң чоң  катмар – студенттер, окуучулар, окутуучулар болду. Албетте, иш көзүн таап, дистанттык окутуу арыш таштады. Бирок ошол арышты кубалап жете албаган, “эт менен челдин” ортосунда калган баягы эки, үч деген бааларга окуган окуучулар бир да жолу дистанттык окууга катышпай “ кудай жалгады” болуп телефон жок, интернет жок деген шылтоо менен жайлоо, кыштоолорду аралап жигин билгизбей кетти. Аларды 2019-2020-окуу жылын 1-,2-,3-чейректердин жыйынтыгы менен бүтүрүп,  кийинки класска көчтү кылып койгон мугалимдер 2020-2021- жаңы окуу жылынын биринчи чейрегинде  бир да сабакка баш бакпаган окуучунун жетишкендигин кантип баалайбыз деп суроо салып, айласын таппай келүүдө.

Бул көйгөйдүн жаралышы менен кимдер катышпай жатыптыр деген суроо туулат. Албетте, баягы эле илең-салаң “кой аксагы менен жүз” болгон балдар окшобойбу. Бирде келип, бирде келбей сабактан калып жүргөн окуучуда жоопкерчилик, ата-энесинде көзөмөл, камкордук болбогон үй-бүлөлөргө оору шылтоо болду. Ата-энелердин бул кайдыгерлигине баш ийип, “журналды булгабагыла кечке “кж” коюп, келбесе да баягы өлөсөлүү үчтү коюп чейрек чыгарып, класстан класска көчүрүп, тогузунчу классты бүтүрдү кылып, “өх” деп кутулгандын амалы иштелип чыгып, Н.Гоголдун “Өлүү жандар” повестиндеги Чичиковдун жалган статистикасына биздин мектептердеги формалдуу отчетторубуз окшошуп турган жокпу?

“Укуксуз талаа”

“Ата- энелердин 50%  балдарынын билим алууга болгон укугун тебелөө менен аларды каалаган убакта уй- чарба жумуштарына пайдаланып жыргап калышты . Эмгекке тарбиялоо деп өзүбүздү — өзүбүз жоошуткан менен, баланын билими нөлгө кетүүдө .

Жок дегенде кайтарым байланышка ата- эне күн сайын балага 1 сааттан 3 саатка чейин убакыт болуп, тиешелүү шартты түзүп берүү керек. Андыктан, мен март айынан бери чырылдап айтып жаткан бирдиктүү , мыйзам ченемдүү «аралыктан окутуунун жобосу» абдан керек. Укуксуз талаада эле эмгектенип жатабыз. «Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» болбой эле, эптеп — септеп , китептин «палан» бетин окугула деп коюп, ручканын учу менен, баланы капа кылбай, кайтарым- байланышсыз эле «4, 5» деген бааларды коюп жүрө берүүгө берүүгө намыс чыдабайт. Келечек муундарыбыздын манкурт болуп калуусуна жол бербейли!”,-деп жазат күйүп-бышып Лейлек районунан Ирсалат Ниязалиева.

Мектеп иши абдан назик, кылдат мамиле болбосо бир жеринен жарака кетет, ал жаракага сымап сыяктуу кылкылдап турган окуучу түшпөшү керек. Дегеним, мугалим – окуучу — ата-эне,  катыш – окуу – билим алуу – баа коюу деген чынжырлар бекем болуш керек. Билим берүү бөлүмдөрү деле бул көрүнүштөрдөн кабары бар, бирок бюрократиянын тегирменине түшө бербей, талапты койгондо мугалимдин аброюна, окуучунун потенциалына доо кетпегендей мыйзамдык база иштеп чыгуу – учурдун курч талабы.

Кур кыйкырык жетекчилер

Аймактык методикалык борборлор, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү дистанттык сабакка эч катышпаган балдардын билимин баалоо боюнча кандай кеңештерди же сунуштарды берип жатты болду экен? Кээ бир жерде бул маселеге өздөрүнүн тиши өтпөй, катардагы мугалимдерге кыйкырып, күчүн чыгара берген жетекчилер болуп жатканы жөнүндө да маселе коюлуп жатканын кошумчалай кетели.

“Онлайн сабактар, видеосабактар боюнча, интернет аркылуу иштей албаган жетекчилер бар. Сурасаң эле кыйкыра беришет, жакшы түшүндүрө албай, кыласыңар, кылгыла дей беришет”,-дейт Таш-Көмүр шаарынан англис тил мугалими Мээрим Камчыбекова.

Эмнеси  болсо да, Билим берүү жана илим министрлиги бул маселе боюнча тийиштүү жообун берет деген ойдобуз. 29-октябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзү түз байланышка чыгып, мугалимдердин көңүлүн өйүгөн маселелер боюнча суроолорго жооп берген жатат. Бул көйгөйлүү көп суроонун башын чаргытпай, ачыктап алуу үчүн эң  ыңгайлуу учур эмеспи.

Айнура Асаналиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер