ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИНЕ КӨМӨКТӨШҮП ЖАТКАН ӨНӨКТӨШТӨРГӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ

  • 13.04.2020
  • 0

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу 8-апрелден тарта жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары IV чейректи дистанттык негизде окуй башташты.

Бул масштабдуу процессти ишке ашырууда министрликке бир нече уюмдар, компаниялар, билим берүү мекемелери өз учурунда жардам берип, кол сунуп, акысыз кызматтарын сунуш кылып, кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүшүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги өзгөчө абалда дистанттык билим берүүнү ишке ашырууга көмөктөшүп жаткан өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.

  • Ыкчам режимде эфирдик убактысын бөлүү менен КТРКнын “Баластан”, ЭлТРдин “Билим, Илим” каналдары видео сабактарды тартышты. Ошондой эле бул эфирлерди “5-канал”, “Пирамида”, “Санат ТВ” жана областтык телевидениелер, 10дон ашуун кабелдик телевидениелер ретрансляция кылып жатышат.

Кырдаалга байланыштуу,  министрлик видео сабактарга тартылуучу алдыңкы мектептердин үлгүлүү мугалимдерин тандады. Тез арада даярданып, демилгебизди колдоп, тартынбастан, чыгармачылык изденүү менен видео сабактарга тартылып жаткан мугалимдерибиздин эмгегин белгилеп айткыбыз келет.

  • Видеосабактарга тартылган:
  • №5 А. Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин;
  • “Креатив Таалим” билим берүү комплексинин;
  • “Сапат” билим берүү мекемесинин;
  • Кыргыз-Швед математикалык мектебинин;
  • Бишкек шаарындагы № 69, 70, 12, 24, 52, 20, 77, 96, 87, 50, 90, 64, 57 мектептеринин;
  • Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинин;
  • Бишкек шаарындагы №53, 123, 10, 173 бала бакчаларынын мугалимдерине, усулчуларына жана тарбиячыларына ыраазычылык билдиребиз.
  • Бул процессти ишке киргизүү үчүн негизги өнөктөш катары жардам берген эл аралык ЮНИСЕФ уюмуна, ошондой эле “Сорос-Кыргызстан” жана “Ага Хан” фондуна кызматташуусу үчүн ийгилик каалайбыз.
  • Видеосабактарды тартууда студияларын беришкен:
  • Кыргыз Улуттук университетине;
  • Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине;
  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетине;
  • Борбор Азиядагы Америка университетине;
  • Кыргыз-Россия Славян университетине;
  • Кыргыз-Кувейт университетине;
  • Кыргыз билим берүү академиясына;
  • “Мегаком” компаниясына рахмат айтабыз.
  • Областтардагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте айрым областтык телеканалдардын базасында видеосабактарды тартып, аларды да көрсөтүү пландалган.
  • “Соцсервис”, “GIZ”, “Megaline”, “Bit Media” компаниялары техникалык жактан көмөк көрсөтүштү.
  • Автомектептер транспорттук каражаттарын уюштурууда.
  • “Хандикрафт” компаниясы санариптик билим берүү ресурстарына акысыз кошулууга мүмкүндүк берди.
  • ЯКласс (https://www.yaklass.ru/) сайты 6-апрелден акысыз иштей баштады.
  • Яндекс компаниясы да “Яндекс школа” (school.yandex.ru) ресурсу да акысыз пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп берди.
  • Бүгүнкү түзүлгөн кырдаалда четте турбай уюлдук байланыш операторлору: “Альфа Телеком” (Мегаком), “НУР Телеком” (О мобилдик оператору), “Билайн” компаниялары да жардам колун сунушту. Уюлдук компаниялар министрлик көтөргөн демилгенин алкагында мугалимдерди жана окуучуларды колдоп, бардык билим берүү каналдарына жана интернет сайттарына акысыз кошулууга мүмкүндүк беришти. 
  • “Альфа телеком” компаниясы (Мегаком) өлкө мугалимдерин бирдиктүү корпоратив тарифине кошуп, Мега-24 мобилдик тиркемесин акысыз колдонууга мүмкүндүк берди. Мега-24 тиркемесинин “Мектеп” бөлүмүнөн видеосабактарды, керектүү окуу китептерин, тесттик тапшырмаларды жана онлайн окутуунун башка мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга болот.
  • “Нур телеком” (О мобилдик оператору) компаниясы “Окуучу” жана “Студент онлайн”, “Мугалим 200” социалдык тарифтик планын түзүп, 2 айга акысыз байланыш жана мобилдик интернет кызматын сунуш кылды.
  • “Билайн” компаниясы “Алыстан окутуу” кызматынын негизинде 1-11-класстын окуучулары үчүн министрлик тарабынан даярдалган видеосабактарды BeeTV тиркемеси аркылуу көрүүгө болот. BeeTV тиркемесин шилтемеси аркылуу көчүрүп, билим берүүчү каналдар үчүн бекер интернет-трафикти сунуш кылды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларга аралыктан билим берүүгө көмөктөшкөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирүү менен дайыма биргеликте кызматташууну сунуш кылат. Ошондой эле дистанттык билим берүүдө балдарына жакшы шарттарды түзүп, билим алуусуна көмөктөшүп даткан ата-энелерге жана бир топ ыңгайсыздыктарга карабай, өзүнүн педагогикалык парзын чын дили менен аткарып жаткан мугалимдерге ыракмат айтабыз.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер