ДИРЕКТОРЛОР РЕЗЕРВИ: КИЙИНКИ АЙЛАМПАГА ЭЛЕКТРОНДУК АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛАТ
- 07.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине талапкерлерди конкурстук тандап алуунун кийинки этабына электрондук өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 8-августунда башталарын маалымдайт.
Министрликтин 2026-жылдын 17-июнундагы № 857/1 буйругу менен бекитилген графикке ылайык, тандоо этаптары төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт:
- 8-августтан 31-октябрга чейин — талапкерлердин документтерин электрондук түрдө кабыл алуу жана экспертизалоо;
- 16-ноябрдан 27-ноябрга чейин — квалификациялык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү;
- 7-декабрдан 11-декабрга чейин — конкурс өткөрүү.
Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобого ылайык, талапкерлердин электрондук өтүнмөлөрү жана документтери эксперттик комиссия тарабынан 10 жумуш күнүнүн ичинде каралат. Кароонун жыйынтыгы тууралуу маалымат талапкерлердин жеке кабинеттерине жөнөтүлөт.
Эскертүү: Квалификациялык тестирлөөгө катышуу үчүн талапкерлер документтерин белгиленген мөөнөттө «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу электрондук түрдө тапшырышы керек.
Комментарийлер